Ош облусунда 3 жаран 7 канаттууну тордо мыйзамсыз кармаганы үчүн 30 миң сом айып пул салынды
1-январда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош аймактык башкармалыгынын инспекторлору Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биологиялык ар түрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери, ошондой эле NABU уюмунун «Барс-2» тобунун өкүлдөрү менен биргеликте Кара-Суу жана Араван райондорунун аймагындагы аңчылык жерлерде рейд өткөрүштү.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, рейд учурунда Папан айыл аймагынын Күмбөз участогунан үч жаран жапайы куштардын 7 даанасын — седоголовый щеголду (сары канат) атайын торлордо мыйзамсыз кармап жүргөнү аныкталган.
Мыйзам бузгандарга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 261-беренесинин 1-бөлүгүнө (жапайы жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин, анын ичинде балык же суу жаныбарларын мыйзамсыз аңчылык кылуу же кармоо, анча чоң эмес зыян келтирген учурлар) ылайык жалпы 30 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Куштардын абалы канааттандырарлык болгондуктан, алар табигый жашоо чөйрөсүнө кайра кое берилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



