«Борбордук Азия — Европа Биримдиги» саммитине келген президенттер ЕБ жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүштү
Садыр Жапаров менен Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен.
Самарканд шаарында өтүп жаткан «Борбордук Азия — Европа Биримдиги» аттуу саммитке катышуу үчүн келген Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери Европа Кеңешинин, Европа Комиссиясынын жана Европа Өнүктүрүү жана Кайра куруу банкынын (ЕӨКБ) жетекчилери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү, деп жазат "CentralAsiа" басылмасы.
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Европа Кеңешинин президенти Антониу Кошта менен жолугушту. Токаевдин айтымында, Европа Биримдиги Казакстандын эң ири соода өнөктөшү жана чет элдик инвестору болуп саналат, бул аймактын түз инвестициялар көлөмүнүн 40%дан ашыгын түзөт. Өткөн жылы Казакстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы соода жүгүртүү 50 млрд еврого жетип, бул Борбордук Азия менен болгон жалпы сооданын 80%ын түздү.
Бул көрсөткүчтөрдү эске алуу менен, тараптар ишенимге, стратегиялык кызыкчылыктарга жана узак мөөнөттүү келечекке негизделген глобалдык өнөктөштүктү жана экономикалык байланыштарды мындан ары чыңдоо маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, президент Токаев Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен да жолугушуп, Европа менен кызматташуунун артыкчылыктуу тармактары катары энергетика, инфраструктура жана өнөр жай долбоорлору, транспорт жана логистика, ошондой эле жасалма интеллект сыяктуу инновациялык технологияларды өнүктүрүү багыттарын атады.
Өз кезегинде Урсула фон дер Ляйен Транскаспий транспорттук коридорунун өнүгүшүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Казакстанда сейрек кездешүүчү жер семирткичтердин ири кенинин ачылышы менен Токаевди куттуктады.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да Европа Өнүктүрүү жана Кайра куруу банкынын президенти Одиль Рено-Бассо менен сүйлөшүү өткөрдү. Президент банкка энергетика тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, өзгөчө Камбар-Атин ГЭС-1ди куруу боюнча стратегиялык инфраструктуралык долбоорду колдогон донорлорду координациялоочу комитеттин түзүлүшүнө басым жасады.
Жапаров ЕӨКБнын «жашыл» экономика жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча артыкчылыктуу багыттарын колдой турганын белгилеп, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн эл аралык каржы институттары менен тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин айтты.
Өз сөзүндө Одиль Рено-Бассо ЕӨКБ Кыргызстандын ири инвесторлорунун бири бойдон кала турганын белгиледи. Ал кызматташтыктын башталышынан бери республикага жалпысынан 1 миллиард доллардан ашык инвестиция тартылганын билдирди.
«Өткөн жылы Кыргызстандын реалдуу секторуна 52 миллион доллар инвестиция салынды. Азыр биз каржылоону көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатабыз. 2024-жылга 11 долбоор кол коюлду, алардын эң маанилүүлөрү энергетика жана ирригация тармагына тиешелүү», — деди банк президенти.
Ал ошондой эле 25 айылга таза ичүүчү сууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү долбоору башталганын айтып, бул демилгеге 100 миллион доллар инвестиция бөлүнгөнүн кошумчалады. Мындан тышкары, Кара-Балта — Чалдыбар жолун реконструкциялоону колдоо күтүлүп жатат. Бул долбоор Транскаспий эл аралык маршрутуна чыгууга шарт түзөт.
Жапаровдун басма сөз кызматы билдиргендей, президент ошондой эле Антониу Кошта жана Урсула фон дер Ляйен менен жолугушууларды өткөрүүнү пландап жатат.
Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Европа Биримдигинин бардык уюмдарынын лидерлери менен буга чейин жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Антониу Кошта менен болгон жолугушууда Рахмон Европа Биримдигин Тажикстандын эл аралык аренадагы маанилүү өнөктөшү катары атады. Ал гидроэнергетикалык объектилерди куруу жана реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты белгилеп өттү. Өзгөчө, Рогун ГЭСин куруу жана Нурек ГЭСин модернизациялоо үчүн европалык инвестиция жана технология тартууга кызыкдар экенин билдирди. Европа Кеңешинин башчысы чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүү — Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын тарыхый жетишкендиги экенин белгилеп, Рахмонду жана тажик элин бул ийгилик менен куттуктады.
Урсула фон дер Ляйен менен болгон жолугушууда Рахмон өз өлкөсү Европа Биримдиги жана Борбор Азиянын аймактык «жол картасынын» алкагында кызматташууну уланта турганын айтты. Ал ошондой эле Европа менен биргелешип спутниктик байланыш системасын өнүктүрүүгө жана жасалма интеллектти өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Мындан сырткары, Рахмон май айында Душанбе шаарында өтө турган Муздак тоо мөңгүлөрүн сактоо боюнча эл аралык конференцияда Европадан келген меймандарды татыктуу тосуп алууга даяр экенин белгиледи.
ЕӨКБнын башчысы Одиль Рено-Бассо менен болгон сүйлөшүүдө Тажикстанда жалпысынан 184 долбоор ишке ашып, 1 миллиард доллардан ашык инвестиция тартылганы белгиленди. Бул долбоорлор финансы системасын чыңдоого, жеке секторду өнүктүрүүгө, транспорт жана энергетика тармагына багытталган. Рахмон менен Рено-Бассо кызматташтыкты улантып, негизги көңүлдү «жашыл» күн тартибине буруу тууралуу макулдашты.
Ал эми Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов да Одиль Рено-Бассо менен жолугушуп, эки тараптуу узак мөөнөттүү жана эффективдүү өнөктөштүк тууралуу сөз кылышты. Сүйлөшүүлөрдө энергетика, транспорт жана санариптик экономика тармагындагы кызматташтык негизги багыттар катары белгиленди.
Биринчилерден болуп өткөрүлүп жаткан «Борбордук Азия — Европа Биримдиги» саммити 3-4-апрелде Самаркандда өтүүдө. Ага Европа Кеңешинин президенти Антониу Кошта, Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышууда.
«Келечекке инвестиция» ураанынын алдында өтүп жаткан саммитте ЕӨКБ жана Европа Инвестициялык банкынын жетекчилеринин да катышуусу күтүлүүдө. Жыйында Борбор Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигинин ортосундагы көп тармактуу кызматташтыктын келечеги жана практикалык өз ара аракеттенүү маселелери талкууланууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.