Депутат Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу жашын 20 же 21 жашка чейин көтөрүүнү сунуштады

13-январда Жогорку Кеңештин укук тартиби боюнча комитетинин жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу курагын 20 же 21 жашка чейин көтөрүүнү сунуштады.

Анын айтымында, мындай чара жаш айдоочулардын катышуусундагы жол кырсыктарынын санын азайтууга жардам бериши мүмкүн. Ал Ички иштер министрлигинен жаштар арасындагы жол кырсыктары боюнча, айрыкча 18–21 жаштагы жарандарга тиешелүү статистиканы камтыган талдоо материалдарын сунуштоону суранды.

Сыдыгалиев көп учурда жол кырсыктары ата-энесинин уруксатысыз унаа айдап чыккан өспүрүмдөрдүн айынан болуп жатканын белгилеп, айдоочулук күбөлүктү кечирээк берүү айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатмак экенин айтты.

«Эгер жаштар арасында жол кырсыктары көп катталып жатса, анда айдоочулук күбөлүктү 17–18 жаштан эмес, 20–21 жаштан берүү туура эмеспи?», — деди депутат.

ИИМ башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов депутаттын бул сунушу жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чараларды талкуулоонун алкагында кошумча каралышы мүмкүн экенин билдирди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз