«Даамдуу» фастфуд түйүнүндө болгон уулануу боюнча жабыркагандардын жалпы саны 17 адамды түздү

«Даамдуу» фастфуд түйүнүндө болгон уулануу боюнча жабыркагандардын жалпы саны 17 адамды түздү, алардын ичинен 4өө — балдар. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Массалык уулануу 15-январда катталган. Азыркы учурда 13 адам стационарда дарыланып жатат, дагы 4 адам амбулатордук дарылоо алууда. Департаменттин маалыматына ылайык, жабыркагандардын баарына зарыл медициналык жардам көрсөтүлүп, лабораториялык изилдөөлөр үчүн клиникалык материалдар алынган.

Эпидемиологиялык анамнездин маалыматына караганда, жабыркагандардын баары 15-январда «Даамдуу» түйүнүнөн сатып алынган шаурманы колдонушкан. Уулануунун алгачкы белгилери сутканын ар кайсы мезгилинде байкалган.

Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери объектте пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүштү. Ингредиенттерден, жабдуулардан алынган жуундулар, даяр продукциянын калдыктары текшерүүгө алынып, кызматкерлер ичеги-карын инфекцияларынын алып жүрүүчүлүгүнө текшерилди.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча үч протокол түзүлүп, жалпы суммасы 41 миң сом айып пул салуу тууралуу токтомдор чыгарылды. Ошондой эле жетекчисине 15-январдан тартып фастфуд түйүнүн жабуу боюнча санитардык көрсөтмө берилди, объект пломбаланды.

Эпидемиологиялык иликтөө улантылууда. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары алынгандан кийин кошумча маалымат берилет.

Департамент ишкерлерге санитардык нормаларды так сактоо зарылдыгын эскертип, жарандарга тамак-ашты мыйзамдуу иштеп жаткан жайлардан гана сатып алууну жана уулануунун белгилери байкалганда өз убагында медициналык жардамга кайрылууну сунуштайт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз