Практиканттардын үнү

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттери биздин редакцияга келип, гезит тууралуу кенен маалымат алып кетишкен. Ошондо өздөрүнүн жүрөгүн өйүткөн маселелерди жазып, аны гезит бетинен орун берүүбүздү суранышкан эле. Алар негизинен практика учурунда күбө болгон өзгөчө таң калыштуу окуяларды жазып, ой бөлүштү. Келечек муунга тарбия бере турган мугалимдердин мектеп турмушунан көргөн таасирлери окурман журтун кайдыгер калтырбайт деген ойдо, сайтыбызга жарыялоону чечтик.

Окуучулар сүйлөй албай калганбы?

Жакында өткөн педагогикалык практика мага көп ойлорду жаратты. Ар бир нерсенин өзүнүн жакшы да, жаман да жагы болорун баарыбыз билебиз. Бирок бул жолу мен өзүмдү эң көп ойлонткон жагдай — жаш муундардын сезим дүйнөсүнүн жардылыгы болду.

Сабак учурунда окуучулар менен ар түрдүү темада сүйлөшүп жатып, бир тапшырма бергем: “Апаңарга арнап бир нече жакшы сөз айткылачы”, - деп. Бирок күтүүсүздөн класс унчукпай калды. Көпчүлүгү сөз таппай, айта албай уялып турду. Ал тургай өз апасын канчалык жакшы көрөрүн да сөз менен түшүндүрө алышпады.

Бул көрүнүш мени терең ойлонууга мажбур кылды. Анткени, “апа” деген сөз бул -дүйнөдөгү эң ыйык, эң жылуу, эң таза сөз. Апасына жакшы сөз айта албаган бала кантип өз сезимин, ыраазычылыгын билдире алат? Бул жөн эле уялуунун белгисиби же тереңирээк маселе барбы деген суроо көңүлүмдү тынч койбоду.

Менин оюмча, мунун себеби, үй-бүлө ичиндеги баарлашуунун азайышы. Азыр көпчүлүк үй-бүлөлөрдө телефон жана интернет ата-эне менен баланын ортосундагы тирүү байланыштын ордун ээлеп калды. Балдар апасы менен сырдашпай, телефон менен сүйлөшөт; кубанычтарын, көйгөйлөрүн бөлүшпөй, экранга тигиле беришет. Ошентип, акырында бири-биринин сезимин түшүнбөгөн, сөз менен ыраазычылык билдире албаган коом жаралып жатат.

Бул көрүнүштү болтурбоо – бүгүнкү күндүн олуттуу маселеси. Биз, келечектеги мугалимдер, балдарга жөн гана билим эмес, сезим, боорукердик, мээрим үйрөтүшүбүз керек. Ар бир үй-бүлөдө баарлашуу, сүйлөшүү, жылуу сөз адатка айлануусу шарт. Себеби мээрим – адамды адам кылган эң негизги күч.

Жаш муундар апасына, атасына, досторуна, мугалимине жакшы сөз айта билсе,  анда коомубузда кайрымдуулук, жылуулук жана биримдик да болот.

Үпөл Рахмидинова, студент

Мындай болбошу керек эле

Студенттик күндөр — жашооңдун эң кызыктуу, ошол эле учурда эң жооптуу учуру. Биз 2-курста окуп жүргқөн учурда адаптациялык практика өтөө үчүн шаардагы мектептерге бөлүнгөнбүз. Ар кимибиз келечектеги кесибибизге жакындан таанышып, балдар менен иштөө ыкмаларын үйрөнөбүз деген чоң үмүт менен мектеп босогосун аттаган элек.

Мектепке келген күнү жетекчи мугалим менен таанышып, кайсы класстарга бөлүнөбүз, кайсы сабактарга катышабыз — баары аныкталды. Алгачкы практика болгону үчүн өзгөчө кубаныч менен мектепке шашып баргам. Бирок, тилекке каршы, баары ойдогудай боло бербеди.

Практика өтөй турган күндөр башталып, ар бир сабакты кызыгуу менен өткөрүүгө аракет кылып жүрдүм. Бирок, жыйынтыгында күтүлбөгөн нерсе болду. Практика аяктап калганда, жетекчи эжейдин жана айрым окуучулардын мага болгон мамилеси кескин өзгөрдү. Бир күнү ал мага: «Сага мүнөздөмө жаза албайм! Практиканттар эмне кылып койдуңар, бир пайдаңар жок!», — деп катуу сүйлөдү.

Жаштыгымданбы же уялып калдымбы, эч нерсе дей албай, айтканын кылууга макул болдум. Ошентип, классты тазалап, керек болгон каражаттарды дүкөндөн өз акчама сатып келүүгө туура келди.

Бул окуя мен үчүн чоң сабак болду. Анткени практика – жөн гана формалдуу иш эмес, жаш адистин турмуштук тажрыйбасы, адептик мектеби. Мугалим менен студенттин ортосундагы мамиле ишенимге жана урмат-сыйга негизделүүгө тийиш.

Мен бул окуяны айтып отурганымдын себеби,  менден кийинки практиканттар ошондой жагдайларга туш болбосо экен деген тилек. Ар бир жетекчи мугалим студенттин жүрөгүндө кесибине болгон сүйүүнү ойготсо, анда биздин билим берүү тармагы дагы таза, адилеттүү болот эле.

Зарема Асаналиева, студент

Практиканттар малай эмес

Студенттик жашоонун эң жооптуу этабы — бул практика. Ар бир студент аны чыдамдуулук, шыктануу жана үмүт менен күтөт. Себеби, практика  келечектеги кесиптик турмуштун алгачкы тепкичи, теориялык билимди иш жүзүндө колдонуу учуру. Бирок, тилекке каршы, кээде бул процесс жаш адистердин ишке болгон ынтаасын сындырган учурга да айланып калууда.

Мен да дал ушундай жагдайга туш болдум. Практика өтүп жүргөн кезимде айрым мугалимдердин студенттерге болгон мамилеси мени аябай таң калтырды. Сабак бүткөн соң, бош убактыбызда жетекчи эжейибиз бизди сабакка тиешеси жок жеке жумуштарына жибере баштады. Кээде психикалык ооруканадан мөөр бастырып келүү, клиникага барып документ тапшыруу сыяктуу иштерди аткарууга мажбур болдук. Бул – мугалимдик практика эмес, жеке тапшырмаларды аткаруу болуп калды.

Эртең мененки нөөмөттө иштеген студенттерди түштөн кийин да алып калып, өзү тойго же башка иш-чараларга кетип калганы да болду. Ал эми биз мектепте кечке чейин отуруп, чарчап, көңүлүбүз түшүп калчу элек. Кээде сабактар бүткөн соң окуучуларга классты тазалатып, алар үлгүрбөсө биз өз колубуз менен шыпырып, классты жаап кетүүгө аргасыз болчубуз. Бул да туура эмес көрүнүш эмеспи?

Практика аяктагандан кийин күндөлүктөрүбүзгө “5” деген баа коюлуп, жакшы мүнөздөмө берилди. Биз болгону мектептин директоруна мөөр бастырып алуу үчүн даярданган элек. Бирок,  тилекке каршы, кыргыз тилчилердин секция башчысы бардык күндөлүктөрдү чогултуп алып, “өзүм бастырып берем” деди. Эки күн өттү — бербей койду. Андан соң “иш-чара өткөрөсүңөр, ошондо бааңарды коём” деди. Макул болуп, иш-чараны даярдадык, бирок кайра “болбой калды” деп баш тартты. Акыры биз дагы көк беттик кылып, өзүбүздүн эмгегибизди көрсөтөлү дедик.

Иш-чараны жогорку деңгээлде өткөргөндөн кийин деле “ар бир кадамыңарды жазып келгиле” деп кайра-кайра тапшырма берди. Барсак “үчөөңөр келгиле”, келсек “беште келгиле” деп убара кылды. Акыры чуркап жүрүп, араң күндөлүктөрүбүздү алдык.

Бул окуядан кийин ал мектепке практика өтүүгө да, иштөөгө да каалоо калбады. Себеби, мугалимдик кесип — бул тарбиянын, ыймандын, боорукерликтин булагы болушу керек эле. Ал эми студент – келечектеги мугалим. Ага ишеним, колдоо жана сабырдуулук керек.

Мен бардык эжекелерге кайрылгым келет: практикага келген студент – жардамчы эмес, келечектеги кесиптешиңиз. Аларды ашыкча жеке иштерге жумшабай, тескерисинче, шыктануу жана ишеним тартуулашыңыздар керек. Эртең ошол студент сиздей мыкты мугалим болуп чыгат.

Перизат Токтор кызы, студент

Адептүү көрүнгөн айылдын окуучулары

Ар бир студент үчүн педагогикалык практика – бул келечектеги кесибине жасаган алгачкы кадам, турмуштук чоң сабак. Менин да айылдагы мектепке барып, практика өтөгөнүм көп ойлорго жетеледи.

Айылдын мектеп жашоосу шаардык мектептерден таптакыр башкача. Эң оболу мени кубандырганы – айылдагы балдардын тарбиясы, улууга көрсөткөн сый-урматы, кичүүгө болгон боорукер мамилеси болду. Мугалимдер да өз ишине өтө жоопкерчилик менен мамиле кылышат. Ар бир сабагын сүйүп өтүшкөнүн, окуучуларга билим менен кошо адамдык касиеттерди да сиңирүүгө аракет кылышканын көрүп, мугалимдик кесиптин улуулугуна дагы бир жолу ынандым.

Бирок, кубанычтын артында өкүндүргөн жагдайлар да болбой койгон жок. Кээ бир 9–10-класстын окуучулары китепти шар окуй албайт экен, жадагалса жөнөкөй текстти жазууда да кыйналышат. Бул көрүнүш мени терең ойлонууга түрттү. Эмне себептен мындай абалга жеттик? Балким, китеп окууга кызыгуунун аздыгыбы же билим берүүдөгү үзгүлтүктөрбү ? Айтор, бул суроого жооп издөө ар бирибиздин милдетибиз сыяктуу.

Айылдагы тажрыйбам мен үчүн чоң сабак болду. Мугалимдик кесипке болгон сүйүүм дагы бекемделди. Анткени, билим берүү – бул жөн гана сабак өтүү эмес, келечек муундун тагдырын тарбиялоо экенине ишендим.

Апал Рахмидинова, студент 

Мугалимдин жүрөгү да чарчайт

Мектеп — билимдин гана эмес, сабырдын да ордосу. Жакында практикага чыкканда бир мугалимдин айткандарына терең ойго чөмүлдүм. Башка мугалимдерге караганда бир топ тажрыйбалуу  бул устат күн сайын окуучулар үчүн аракеттенет, бирок мектептеги ызы-чуу анын ден соолугуна да оор таасир этерин айтып берди.

«Кээде кечинде кан басымым көтөрүлүп, түнү менен уктай албай чыгам. Кээ бир балдардын ызы-чуусу эсиме түшүп, башым ооруп кетет», — деди ал оор үшкүрүнүп.

Ушул сөздөр мугалимдердин кандай жоопкерчилик жана чыдам менен иштей турганын көрсөтүп турат. Алар окуучулардын келечеги үчүн өз ден соолугун да тобокелге салышат. Күн сайын сабак даярдоо, тартип сактоо, ар бир баланын мүнөзүн түшүнүү оңой иш эмес.

Биз көп учурда мугалимдин чарчоосун байкабайбыз. Бирок ар бир ийгиликке жеткен окуучунун артында түнүн уйкусуз өткөргөн, эртең менен да күлүмсүрөп класска кирген устат турат.

Ушундан улам, коом катары мугалимдердин эмгегин жогору баалап, алардын ден соолугуна да көңүл буруу ар бирибиздин милдетибиз деп билем.

Бурулкан Азимбек кызы,  студент 

Жоголгон китептердин сыры

Мугалимдик практика — ар бир болочок мугалим үчүн чоң сыноо жана турмуштук сабак. Ал практиканын ар бири күнү - жаңы сыноо, ар бир күнү өзүнчө окуя. Бирок менин эсимде түбөлүккө калган бир окуя бар, ал -  билимге болгон чыныгы умтулуу тууралуу.

Күндөрдүн биринде, мен практика өтө турган класска кирсем, бир окуучу дайыма тынчсыздангандай, китептерин ача албай отурганын байкадым. Башында муну жөн гана көңүл буруунун жетишсиздиги деп ойлогом. Бирок бир нече күндөн кийин окуучулар айрым китептердин жоголуп жатканын айта башташты. Албетте, бул мен үчүн күтүлбөгөн жагдай болду.

Мен бул окуяны иликтөөнү чечтим. Класстагы балдар менен жеке сүйлөшүп, кайсы китеп качан жана кайдан жоголгонун сурадым. Ар бир жооп мени дагы терең ойго салды. Эң кызыгы — жоголгон китептердин баары терезенин жанындагы отургучтан жоголчу экен. Демек, бул жөн эле кокустук эмес, бирөө атайылап жасап жаткан иш болчу.

Бир күнү мен сабакка бир аз кечигип кирдим. Ошондо баягы тынчсызданган окуучунун кыймылдарын байкадым. Ал акырындык менен артка чыгып, бир бума китепти терезенин жанындагы бурчка жашырып жатты. Мен аны жакындан байкап турдум, бирок ошол учурда эч нерсе дебедим. Сабактан кийин аны чакырып, ачык сүйлөштүм.

Бала башында уялып, үн катпай турду. Акыры ал чындыкты айтты: китептерди ал уурдап эмес, өзүнүн эжесине берип, окуусун улантуу үчүн жашырып жүргөн экен. Эжеси мектепти аяктай албай калгандыктан, китептерди абдан каалап окучу экен.

Бул окуя мен үчүн чоң сабак болду. Кээде биз окуучунун жүрүм-турумун тез эле баалап, терс пикирге келебиз. Бирок ар бир кыймылдын, ар бир “бузукулук” көрүнүшүнүн артында да чоң жүрөк, чыныгы билимге болгон каалоо жашырынып турушу мүмкүн.

Мугалим үчүн эң маанилүүсү — баланын жүрөгүн угуп, анын ички дүйнөсүн түшүнө билүү. Анткени,чыныгы билим — китептерден гана эмес, боорукерликтен, түшүнүүдөн жана ишенимден башталат тура.

Саломатхон Нурдинова, студент

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз