Президент Садыр Жапаров “Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук кампания өткөрүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Президент Садыр Жапаров “Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук кампания өткөрүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук кампанияны өткөрүү, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алуу менен, төмөнкүлөр токтом кылынат:

1. Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборуна төмөнкү иштерди жүргүзүү тапшырылсын:
    •    2026-жылдын 15-январынан тартып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан улуттук кампанияны аяктоо жөнүндө белгиленген тартипте чечим кабыл алынганга чейин, мурда колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөрдү белгиленген үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөргө акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук кампанияны өткөрүү;
    •    өткөрүлүп жаткан улуттук кампания тууралуу массалык маалымат каражаттарында жана интернет-ресурстарда кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

2. Улуттук кампания өткөрүлүп жаткан мезгилде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген медициналык кароодон өткөндүгүн тастыктаган документти (№083 форма) тапшыруу талап кылынбай турганы белгиленсин.

3. Бул Жарлыкта каралган иш-чаралар тиешелүү мамлекеттик жана башка уюмдар тарабынан алардын ыйгарым укуктарынын жана бекитилген каржылык пландарынын чегинде, республикалык бюджеттен кошумча каражат тартпастан ишке ашырылары аныкталсын, мында:
    •    Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору айдоочулук күбөлүктөрдү берүүнү жана каттоону өз каражаттарынын эсебинен жүргүзсүн;
    •    Президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси улуттук кампаниянын алкагында айдоочулук күбөлүктөрдү персоналдаштырууну өз каражаттарынын эсебинен камсыз кылсын.

4. Төмөнкү уюмдарга сунушталсын:
    •    «Учкун» ачык акционердик коому айдоочулук күбөлүктөрдү даярдоону өз каражаттарынын эсебинен ишке ашырсын;
    •    «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому айдоочулук күбөлүктөрдүн жеткирилишин өз каражаттарынын эсебинен камсыз кылсын.

5. Тышкы иштер министрлигине улуттук кампаниянын алкагында, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелери аркылуу айдоочулук күбөлүктөр алмаштырылган учурда:
    •    улуттук кампаниянын мөөнөтүндө чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу медициналык мекемелери тарабынан берилген медициналык кароодон өткөндүгүн тастыктаган документти талап кылуу маселесин алып салуу мүмкүнчүлүгүн кароо;
    •    2012-жылдын 18-декабрындагы №839 «Консулдук жыйымдар жөнүндө» Өкмөттүн токтомуна ылайык консулдук жыйымдардын белгиленген тартипте жана өлчөмдө алынуусун камсыз кылуу.

6. Мурда колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөр улуттук кампаниянын алкагында алмаштырылган учурдан тартып жараксыз деп табылып, мындан ары колдонууга жатпай турганы белгиленсин.

7. Министрлер Кабинети бул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды эки айлык мөөнөттө кабыл алсын.

8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

9. Бул Жарлык 2026-жылдын 15-январынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыялоого тийиш.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз