Депутат менен министрдин орун басары ЖКнын комитетинин жыйынында кайым айтышты
Жогорку Кеңештин өнөр жай саясаты, транспорт, күйүүчү-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Акылбек Тумонбаев менен курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулунун ортосунда кайым айтышуу болду.
Комитетте Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө баа түзүү саясаты, ошондой эле курулуш тармагындагы баалардын өсүшү тууралуу маалымат угулду.
Депутат Тумонбаев буга чейин орун басар депутат Кундузбек Сулаймановго 680 объект курулуп жатканын айтып, тамашалуу жооп бергенин эске салды. Анын айтымында, мурда 2–3 эле объект курулчу.
«Мурда каражат жок болчу. Азыр силер — Курулуш министрлиги каражат таба албай жатасыңар, бирок бюджеттен акча бөлүнүп жатат, агенттик министрликке айланды. 680 объект курулуп жатат деп айтып жатасыңар, мамлекет акча бөлүп жатат, бирок курулуш жүрбөй, иштер токтоп калууда. Мен 7-чакырылышта эле Корумду, Ичке-Суу, Фрунзе айылдарына ичүүчү суу маселеси боюнча баргам. Бүгүнкү күнгө чейин иштер бүтө элек, мен болсо 8-чакырылышка кайра шайландым. Камчыбек Кыдыршаевич (УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев) айткандай, президенттин мөөнөтү да аяктап баратат. Биздин мөөнөт бүтүп, кайра шайландык. Силерде көзөмөл жок, мактанып, туура эмес маалымат бересиңер. Мектеп менен бала бакчанын долбоордук-сметалык документтерин (ПСД) долбоорчулар бир жыл даярдайт. Нурдан Кемеловичке чейинки министр бардык мектеп, бала бакча, оорукана бир типтүү долбоор менен курулсун деп сунуш кылган, президент да ушуну айткан. Азыр болсо ар бир объектке өзүнчө долбоор талап кылынууда. Эмне үчүн типтүү долбоор колдонулбайт?» — деди ал. Анын айтымында, экспертизага, долбоорго жана башка чыгымдарга 5 млн сомдон ашык каражат кетет.
Министрдин орун басары Иманакун уулу депутат көтөргөн ичүүчү суу маселелери Айыл чарба министрлигине өткөрүлгөнүн билдирди. Депутат болсо айрым иштер Курулуш министрлигинин карамагында калганын айтып, так жооп берүүгө чакырды.
Иманакун уулу: «5% иш калганда ал бизде болчу, калганы Айыл чарба министрлигине өткөрүлгөн. Суу боюнча республикада болгону 21 объект бизде калды, калгандарын өткөрүп бергенбиз. Сиз 1–2 жыл курулбай жатат дейсиз, андай объект жок, ачык айталы. Типтүү долбоор боюнча да. Кундузбек Кошалиевич (депутат Кундузбек Сулайманов) жалган айтпайт, генерал Ташиев Токтогул районуна баргандан кийин 15 күндүн ичинде тапшырмалар берилген», — деди.
Депутат Тумонбаев Каракол шаарындагы облустук оорукана курулушуна байланыштуу нааразычылыгын билдирди. Ал казылган чуңкурдан бери канча убакыт өткөнүн сурады. Орун басар болсо курулушту ким баштаганын сурап, так жооп талап кылды. Депутат өткөн жылы министр менен орун басар объектке барып, тапшырма бергенин эске салды.
Орун басар ал учурда объект Курулуш министрлигинин карамагында болгон-болбогонун сурады. Депутат алгач карамагында болбогонун, 2025-жылы министрликке өткөрүлгөнүн айтып, бир жыл ичинде эмне жасалганын сурады.
Иманакун уулу мурда жаңы оорукана эскисинин жанына курулушу талкууланганын айтты.
Депутат бир жыл ичинде конкреттүү эмне иш аткарылганын тактады.
Орун басар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жер тилкесин трансформациялап, өткөрүп бериши керектигин, андан кийин жазында курулуш башталарын айтты.
Депутат казылган чуңкур жана даяр аянтча бар экенин, министрлик өкүлдөрү барганын айтып, эмне үчүн бир жыл бою иш жүрбөгөнүн сурады.
Орун басар министрликке каражат бөлүнбөгөнүн айтты: «Кандай акчага курабыз?» — деди.
Депутат бул тууралуу ачык айтпай жатышканын сынга алды. Орун басар болсо арыз берилгенин айтып: «Акча жок болсо кантип курабыз?» — деп кайталады.
Анын айтымында, быйыл бул объект курулуш тизмесине киргизилип, иштер башталат.
Депутат туура маалымат берүүгө чакырып: «Талант мырза, так маалымат беришиңиз керек. Ар бир депутатка Нурдан Кемелович менен бирге кыйкырып, коркутууга болбойт», — деди.
Орун басар депутаттар да так маалымат бериши керектигин айтып, мурда ооруканалар министрликтин карамагында болбогонун, азыр өткөрүлгөнүн белгиледи. «Түз эфирде эл көрүп отурат, биз эч нерсе кылбай жатабыз деп ойлошу мүмкүн», — деди.
Депутат бөлүнгөн каражат, аткарылган иштин көлөмү жана сапаты боюнча отчеттуулук керектигин баса белгиледи.
Иманакун уулу ар бир объект боюнча эмне үчүн курулуп же курулбай жатканын түшүндүрүп бере аларын айтып, бир жылда Ысык-Көл облусунда 31 объект бүткөнүн билдирди. Ал курулуш тармагында жер титирөөгө туруктуулук деген өзгөчөлүктөр бар экенин кошумчалады. Ошондой эле 10 жылдан бери курулбай жаткан объектти көрсөтсө, кечирим сураарын айтты.
Депутат буга жооп катары Түп районунун Корумду айылындагы ичүүчү суу маселесин мисал келтирди. «Көзөмөл жоктугунан эл арыктан суу ичип, кир суу ичип ооруп жатышат», — деди ал жана объектти өзү көрсөтүүгө даяр экенин айтты. Орун басар депутат менен бирге жерине барууга даяр экенин билдирди
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



