БШК Эльдар Сулаймановдун ЖКнын депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арызын карайт

Борбордук шайлоо комиссиясы 17-февралда Элдар Сулаймановдун Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арызын карайт. Ушуга байланыштуу БШК мүчөлөрү жыйынга чогулат.

Ал 2025-жылы №5 шайлоо округу (Араван району) боюнча Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы болуп саналат.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Сулайманов, Исирaилов жана Ахмедовадан кийинки орунда 3763 добуш менен ЖК депутаттыгына талапкер Абдуллаев Азизбек Ашимжанович турат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз