Өздөрүн милиция кызматкерлери катары тааныштырып, мыйзамсыз текшерүүлөрдү жасаган жарандар кармалышты
Милиция кызматкеримин деп алдап жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу 20-февралда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин Ички иликтөө кызматына Бишкек шаарында айрым адамдар өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырып, мыйзамсыз аракеттерди жасап жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө шектүүлөр милиция кызматкерибиз деп таанышып, кылмыш фактыларын аныктоо шылтоосу менен батирлерге жана ар кандай жайларга кирип, андан соң акча талап кылышканы аныкталган.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси («Каракчылык») менен кылмыш иши катталган.
Шектүү катары 1995-жылы туулган К.Ж., 1994-жылы туулган Ж.Э.Ж. жана 1995-жылы туулган С.А.А. аттуу жарандар кармалды. Алардын баары мурда жеке күзөт агенттиктеринде иштеп жүрүшкөн.
Тергөө версиясы боюнча, алардын «текшерүүсүнө» 15 дарек кабылган. Келтирилген чыгымдын өлчөмү такталууда.
Учурда тергөө иштери улантылып жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


