«7 жаштагы кызыма ыплас аракеттерди кылган»: Ош шаарынын тургуну мектеп айдоочусуна чара көрүп берүүнү суранды

Оштогу жеке мектептердин биринин окуучуларын ташыган айдоочу менин кызымдын кармалап, ыплас аракеттерди кылчу экен. Бул тууралуу бүгүн, 7-январь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Ош шаарынын тургуну Мухабат Кадырова билдирди, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Анын айтымында, акыркы учурда кызы мектепке баргандан коркуп калган. Окуучуларга дем алыш берген учурда кызы окуя тууралуу апасына болгон нерселерди айтып берген.

«Мен Ош шаарынын тургуну болом. Аты-жөнүм Мухабат Кадырова. Мен урматтуу прездент Садыр Нуркожоевички, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылам. Мага жардам бериңиздерчи. 

Менин кызым Оштогу жеке мектептердин биринде окуйт. Мектептин окуучуларын ташыган айдоочу менин кызымды кармалап жүрүптүр. Менин кызым эң акыры түшөт болчу. Ошондон пайдаланып, кызымы кичинекей желим бөтөлкө менен суусундук берет экен. Ошону ичип, уктатып коюп, жашыруун жерге алып барып, жыныстык органдарын кармалап, тийишип, өөп – ошондой кадамдарды жасайт экен. Кызым «мага ушундай нерселер жакпайт» десе, чымчып, «сен ата-энеңе айтсаң, мен сени «тазга» алып барам (коркутуу максатында)” деп, урушуп, коркутат экен. Анан кызым күндө келип алып өзүнөн өзүнчө эле ыйлай турган, түндөсү ыйлап, коркуп кете турган боулп калган. Күндө “мен мектепке барбайм” деп ыйлайт. “Неге” десем, айтпайт. “Классташтарым менен урушам” деп коет. Агересивдүү болуп калган, эжелери менен урушат. 

Бул окуяны билип калганымдын себеби, окуучуларга эс алуу болуп калды. Кызым: “Апа, мен мектепке барамбы же барбаймбы?”, - дейт. “Азыр эс алуу” десем, “анда мага тийбейт экен да ал адам” дейт. “Неге, ким тийди?” десем, “мектеп айдоочусу күнүгө акыркы баланы түшүргөндө мага сок берет, сокту ичкенден кийин уктап калам, жашыруун жерине алып барып, “ошол” жерлерими кармайт, мага “ошентип” тийишейт” дейт. Ага бир жолу болгон эмес, күндө тийишет экен. Анан инилерим менен ал айдоочуну милицияга алып барсак, алар эч нерсе кылбай койду. Ал жактоочусу менен кеңири көз алдыбызда эркиндикте жүрөт. Ал эркиндикте жүрсө мага окшогондордун кыздары эмне болот? Ал коомдук транспортто иштейт экен. Ал мектептен чыгып кетсе, башка мектепке ишке кирип алат. Башка кыздарды ошентсе эмне болот? Менин дагы эки кызым бар, ошолордон коркуп жатам. Ошонтуктан, ураттуу президент, Камчыбек Кыдыршаевич, жардам бериңиздер”, - деди ал.

Кадырова белгилегендей, экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Азырынча милиция тарабынан жетишерлик иштер жасала элек.

“Жок, милиция жакшы жардам берген жок. Кызыма психолог беришкен жок. Кайра-кайра эле тергөөгө чакырышат. Кызым психологиясы жабыркап калган, Түнү ыйлап, коркуп жатат. Агресивдүү болуп калган. Эркектерден коркуп калган. Жада калса эркек дарыгерлерден коркуп калды”, - деди ал.

Мухабат Кадырованын кызы Оштогу жеке мектептердин биринин окуучусу. Ал окуган мектептин директору Рустам Салимов бул окуянын адилеттүүлү жыйынтыкталышына мектеп жамааты да кызыктар болуп жатканын айтты.

“Ал мезгилде мен чет өлкөдө командировкада элем. Администратор 4-январь күнү мага чалып, ушундай окуя болгонун айтты. Биз – мектеп жаматы бул окуянын адилеттүү жыйынтыкталышына кызыктарбыз. Негизи мындай нерселер биздин менталитетке да туура келбейт.

Айдоочуга келе турган болсок, айдоочуну биз маектешүү аркылуу эле алабыз да. Айдоочу штатта эмес. Жалданма кызматкер катары контракт түзүлөт. Бул айдоочу бир жылдан бери иштеп жаткан. Бул айдоочу боюнча мындай сөздөрдү уккан эмеспиз. Жада калса мындай нерселерге биз каршыбыз. Азыр эми айдоочу менен байланыша албай жатабыз”, - деди ал.

Ал эми Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда бул окуя боюнча Ош ШИИБне 2 арыз түшүп, башкармалыктын тергөө кызматы тарабынан тергелип жатат. 

“1-арыз ушул жылдын 3-январында Кара-Суу районунун тургуну, 1990-жылы туулган аялдан түшкөн. Ал арызында кызы окуган, Ош шаарындагы жеке мектептердин биринин 1978-жылы туулган айдоочусу 2018-жылы туулган кызына карата "сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жүргүзгөн" деген мазмундагы арыз менен кайрылып, айдоочуга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Бул факт Ош ШИИБне катталып, КР Кылмыш кодексинин 158-беренеси (Ыплас аракеттер) менен иш козголуп, тиешелүү экспертизалар даярдалган. Алгачкы кароодо денесинде жабыркаган жерлери аныкталган эмес.  Жабырлануучу кыз анын мыйзамдуу өкүлү, адвокаты соцпедагог жана социалдык жактан коргоо кызматынын кызматкерлери тарабынан бир нече жолу суралган учурда көрсөтмө бере алган эмес. Учурда окуяны тактоо максатында тергөө иштери уланып жатат. Атайын экспертизалардын корутундусу менен тергөө иши окуяга так юридикалык баа бере алат.Бүгүнкү күндө корутунду чыга элек.

2-арыз дагы 3-январда ошол мектептин 1978-жылы туулган айдоочусунан келип түшкөн. Ал арызында "Кара-Суу районунун тургундары мыйзамсыз кармап кетишип, Кара-Суу районунун аймагында үйлөрдүн биринде мага кордук көрсөтүшүп, 12 саат бою колумду зым менен байлап кыйнашты. 7 жашар кызга ыплас аракет кылганыңды моюнуңа аласың" деп коркутушту" деген мазмундагы арыз менен кайрылып, өз алдынча мыйзамсыз аракеттерди жасаган адамдарга чара көрүүнү суранып, арыз жазган. Бул арыз боюнча дагы жарандардын тобу тарабынан адамды мыйзамсыз эркинен ажыратуу боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) менен иш козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Тараптардын арызы келип түшкөнүнө 4 күн болду, тергөө иштери жүрүп жатат. Анын аякташы менен кошумча маалымат беребиз”, - деп айтылат маалыматта.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз