Ирандан келген «кислота булуттарынын» Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунучу жок, - Узгидромет
Өзбекстандын гидрометеорология боюнча улуттук агенттиги социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда тараган Ирандын аймагында «кислоталуу булуттар» пайда болуп, алар жаан-чачын менен кошо Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Өзбекстанга жетиши мүмкүн деген маалыматты расмий түрдө четке какты.
«Бул маалыматтардын илимий негиздемеси жок», — деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.
«Кислоталуу булуттар» тууралуу божомолдор 7-мартта Израиль Шахран мунай сактоочу жайына чабуул жасагандан кийин пайда болгон. Бул жай Тегеран шаарына жакын жайгашкан. Өрттөн улам асманды кара түтүн каптап, мунайдын күйүү продуктуларынан улам шаарда кара түстөгү жаан жааган.
Узгидрометтин түшүндүрмөсүнө ылайык, кислоталуу жаан-чачын атмосферада күкүрттүн оксиддери (SO₂) жана азоттун оксиддери (NO₂) топтолгондо пайда болот. Бул заттар булуттардагы суу буусу менен химиялык реакцияга кирет. Мындай процесстер көбүнчө өнөр жайы өнүккөн аймактарда же бул заттар түздөн-түз бөлүнүп чыккан жерлерге жакын аймактарда кездешет.
«Аба массалары алыс аралыкка жылганда, булганыч заттардын концентрациясы атмосферадагы турбуленттүүлүк, тик аралашуу жана кургак же нымдуу чөкмө процесстеринин эсебинен кыйла азаят. Ошондуктан булактан миңдеген чакырым алыстыкта кооптуу деңгээлдеги кислоталуу жаан-чачындын пайда болушу дээрлик мүмкүн эмес», — деп билдиришти агенттиктен.
Мындан тышкары, жаан-чачындын пайда болушу жергиликтүү булут түзүлүү процесстери менен байланыштуу. Жааган жаан ошол аймактын үстүндөгү атмосферада болгон суу буусу жана аэрозолдордон түзүлөт.
«Метеорологиялык байкоолор жана абанын сапатын мониторингдөө маалыматтары боюнча “кислоталуу булуттардын” Өзбекстандын аймагына же коңшу өлкөлөргө жетүү коркунучу байкалган жок», — деп баса белгиледи Узгидромет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


