Борбор Азияда суу чырына шынаа болчу Аму-Дарыя...

Борбор Азияда суу ресурстары үчүн күрөш жыл өткөн сайын күчөгөндөн күчөп баратат. Суунун айынан чөлкөмдө чыр чыгып кетүү коркунучу бар экени буга чейин деле айтылып келген. Эми азыр Ооганстан да буга шынаа болгону калды. Эмне үчүн?
Ооганстан куруп жаткан Кош-Дөбө каналы...
Ооганстан түндүгүндөгү Балх провинциясы аркылуу Кош-Дөбө каналын өтө катуу ылдамдыкта куруп жатат. Бул каналга суу Аму-Дарыядан алынат. Анын узундугу 285 км, туурасы 100 метр, тереңдиги дээрлик 8,5 метр болот деп болжолдонууда. Курулушу мындан бир жыл мурун, т.а. 2022-жылдын март айында жарыяланып, болжолдуу баасы 684 миллион долларды түзөт деп айтылган. Бул каражат Ооганстандын мамлекеттик бюджетинен бөлүү каралууда. Айрым маалыматтарда каналды курууга кеткен чыгымды Кытай көтөрөт деп да жүрүшөт. Эгер ал курулуп, ишке берилсе, Өзбекстан менен Түркмөнстанга суу көлөмү азайын, Аму-Дарыянын суусун керектөө Ооганстанда 7 кубдан 17 кубга чейин көбөйүшү мүмкүн. Талибдердин (Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган) айтымында, Кош-Дөбө каналы – кургак аймактарды суу менен камсыз кылууга жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Сыйымдуулугу секундасына 650 куб метрди түзгөн каналдын суусу Ооганстандын Балх, Жузжан жана Фаряб провинцияларын камсыздайт. Учурда курулушта 6,5 миң жумушчу иштеп жатканы кабарланууда. Долбоор 2028-жылы аяктайт деп белгиленген.
Эгер бул канал ишке кирсе, анда Аму-Дарыянын ылдый жагындагы Өзбекстан менен Түркмөнстанды кургакчылык каптап, куураган заман келет. Серепчилер бул долбоор аймактагы ансыз да оор суу жээгиндеги кырдаалды начарлатышы мүмкүн деп кооптонушат. Кош-Дөбө каналынын курулушу Тажикстанга чоң көйгөй жаратпаганы менен ылдыйкы агымдагы Өзбекстан менен Түркмөнстан сугат суусунун 15%га чейин жоготуусу мүмкүндүгү боолголонот. Ошондуктан серепчилер кырдаалды жөнгө салуунун эл аралык укуктук механизмдери жок экенин айтышып, бул аракет – чыңалуунун күчөп кетүү коркунучу жогору экенин эскертишет.
Азыр мурункудай баарын бөлүштүргөн СССР жок...
Азыр, июль айындагы жай саратанда, күндүн табы Борбор Азия чөлкөмүндө +40 градус цельсияга жакындап, айрым жерлерде андан да ашып жатат. Мындай аптапта адам эле эмес, жашылча-жемишке да сөзсүз суу керек. Бирок тоолордогу мөңгүлөр ээрип, суу тартыштыгы жыл өткөн сайын курчуп баратканда, бул аймактын келечектеги коопсуздугу ойлондурбай койбойт. Чөлкөмдү бириктирип же аны ажыратып, ажырымга алып келе турган да – бул, суу экени талашсыз. Мөңгүлөрдө чоң суу запастары болгону менен жылдар өткөн сайын бул чөлкөмдө суу көйгөйү негизги маселеге айланып баратат.
Анын үстүнө Советтер мезгилинде суу эле эмес, газ менен мунай сыяктуу жаратылыш ресурстарын ортодо колдонуп келген Борбор Азия, союз тарагандан кийин эми анын баары таптакыр өзгөрдү. Башкача айтканда, жаңыдан куралган мамлекеттер жаратылыш байлыктарын өз ара эркин бөлүшпөй калышты.
Союз учурунда Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү сууну жылытуу энергиясына айырбаштаган шакекченин ичинде болчу. Албетте ал кезде пландуу система иштеп турган. Суу башындагы өлкөлөр – Кыргызстан менен Тажикстан, төмөндө жайгашкан Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстанга суу берип, анын ордуна электр энергиясын, газ, жылуулук энергиясын алып турган.
Сууну өз ара ымала менен пайдаланып келген өлкөлөр, союздун ыдырашы менен бул жаатта бириктирип турган шакекчеден да чыгып баратышат. Ошентип азыр кырдаалды жайгаруу кыйынга турууда, анткени төмөндө жайгашкан өлкөлөрдү азык-түлүк коопсуздугу жогоруда жайгашкан өлкөлөрдөн энергетикалык коопсуздугуна каршы келүүдө. Башкача айтканда, же бирөөсү кыштата тоңуп отурушу керек же экинчиси жыл бою тамак-ашсыз калуусу керек.
Суунун айынан чыр-чатак чыгарбоо керек...
Суунун жетишсиздиги Борбор Азиядагы өлкөлөр ортосундагы чыр-чатакка да алып келиши мүмкүн. Тажикстандагы Рогун жана Кыргызстандагы Камбар-Ата ГЭСтеринин курулуштары Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун кескин билдирүү жасаганга жол ачкан. Анда ал: “Борбор Азияда согуш чыга турган болсо, суунун айынан чыгат”,-деп ачык эскертүү берген. Анткени эки мамлекеттеги ири курулушту ишке бериш үчүн ГЭСтерге бир нече жыл суу топтоп, ылдыйдагы мамлекеттерди кургакчылыкка кириптер кылат дегенге негиздеген.
2016-жылдын март айында Өзбекстан Кыргызстандын Ала-Бука району менен чек ара сызыгына аскердик оор техникаларын алып келген. Эки өлкө Кыргызстандын аймагында курулган Орто-Токой суу сактагычынын тегерегиндеги талаштуу маселеден улам жаңжалдашып кетүүгө аз эле калган. Тилекке жараша анда чыр-чатакты жөнгө салууга мүмкүн болгон.
Кыргызстандык адистердин баамында, Нарын дарыясынын 14 куб км агымынын 2 пайызын гана биз пайдаланабыз. Калганы Тажиктсандын, Өзбекстандын жана Казакстандын аймактарындагы жерлерди сугарат.
Суу ресурстары үчүн күрөш, өзгөчө Фергана өрөөнүндө даана байкалат. Бул аймакта 3 мамлекеттин чек ара сызыктары көп кесилишкен. Суу жана жер маселесинен улам жергиликтүү тургундарынын ортосунда чатакташуу да көп жолу жүз берди. Аны Кыргызстандыктар жакшы билет. Эл аралык серепчилердин баамында бул аймактагы чыр чатактар, келишпестиктер көп болгон сайын, бул жактагы диний радикал топтор өздөрүн ошончолук эркин сезе башташат. Ошондуктан, суунун айынан чыр-чатак чыгарбоо керек...
Географиялык маселелер жана суу булактары
Борбор Азиянын географиясы суу тартыштыгынын көйгөйлөрүндө маанилүү роль ойнойт. Аймакта чөлдөр, тоолор жана деңизге чыга албаган бассейндер басымдуулук кылат, бул аны бир нече жеткиликтүү суу булактарына көз каранды кылат.
Эки чоң дарыя – Аму-Дарыя жана Сыр-Дарыя региондон сырткары жактан агып келип, көптөгөн өлкөлөрдү аралап өтөт. Аны менен катар бул трансчегаралык суу ресурстарын башкаруунун татаал көйгөйлөрүн жаратат. Анын үстүнө, табигый суу сактагыч катары кызмат кылган тоолуу аймактардагы ээриген мөңгүлөр климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу азайып, ансыз да ашыкча суу менен камсыз кылуу үчүн кошумча коркунуч жаратууда.
Жыйынтыгында эмне күтүлөт?
Борбордук Азиядагы суу кризиси тез арада көңүл бурууну талап кылган олуттуу көйгөй. Аймак географиялык чектөөлөргө, тарыхый мурастарга, калктын санынын өсүшүнө жана саясий чыңалууга туш болуп жаткандыктан, актуалдуу маселени чечүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоо зарыл.
Туруктуу суу ресурстарын башкаруу практикасы, аймактык кызматташтык жана эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусу суу ресурстары азыркы жана келечек муундардын муктаждыктарын канааттандыра ала турган келечекти камсыз кылуу үчүн абдан маанилүү. Аракетсиздик – бүтүндөй аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, туруктуулугуна жана экологиялык бакубаттуулугуна коркунуч туудуруп, оор кесепеттерге алып келиши толук мүмкүн.
Борбор Азия жашоочулары үчүн барган сайын ажырымдарга себеп болгон жагдайлар көбөйүшү күтүлүүдө. Анткени элдин саны улам өсүп, көрсөткүчтөр боюнча бул чөлкөм дүйнөдө алдыңкы орунга чыгууда. Ошол эле учурда глобалдык жылуулук менен мөңгүлөрдүн бат ээришинен суунун деңгээли азайып жатканын адистер белгилешет. Мөңгүлөр акыркы 100 жылдын ичинде 3 эсе азайган. Айрым божомолдор боюнча алдыдагы жарым кылымда дагы 20 пайыздай азайышы мүмкүн.
Оптимистик жагы – Борбор Азияда регионалдык интеграциядан башка жол жок, ал эми пессимисттик жагы бүтүндөй катастрофага туш болот. Бул деген адам өлүмү менен коштолгон согуш, кыйроо ж.б. Ошондуктан бул көйгөйдү чечүү үчүн аймактык тилектештик гана керек.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.