Трамп: "Иран менен болгон согуштун аяктоосуна абдан аз клады"
Дональд Трамп CBS телеканалына берген маегинде:«Согуш аяктоого абдан жакын, аз калды десек болот», — деп билдирди.
АКШ президентинин айтымында, согуш аракеттери «пландалгандан алда канча ылдам жүрүп жатат». Буга чейин Ак үйдө согуш бир айдан ашык созулушу мүмкүн деп болжолдонгон.
Трамп ошондой эле Иран жөнүндө мындай деди: «Аларда флот да жок, байланыш системалары да жок, аба күчтөрү да жок. Ракеталары болсо чачырап калган аз гана санда калды».
Кийинчерээк Трамп Республикалык партиясы Флорида штатында уюштурган иш-чарада сүйлөп, Иран менен болгон согуштагы жеңиш жакындап калганын дагы бир жолу айтты. Ал согуш «жакын арада бүтөт» деп кайрадан белгиледи.
«Биз кичинекей бир “экскурсия” уюштурдук, анткени жамандыкты жок кылуу үчүн ушундай кылуу керек деп чечтик. Бул экскурсия өтө кыска убакытка гана созуларын көрөсүңөр», — деди АКШ президенти.
Ал эми Ислам революциясынын сакчылар корпусу кечээ билдирүү жасап, Ислам Республикасынын армиясы согушту кеңейтүүгө даяр экенин жана анын качан бүтөрүн өзү чечерин айтты.
Ошондой эле ирандык аскерлер Израиль жана Америка Кошмо Штаттары Иранды бомбалоону улантып жаткан учурда аймактан бир литр да мунай экспорттолушуна жол бербей турганын билдиришти
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


