Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн бошотуу иштери башталды
Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүн Кой-Таштагы үйдөн көчүрүү башталды. Видеону балдары — Кадыр Атамбаев менен Алия Шагиева жарыялашты, деп жазат "АКИпресс".
Кадрларда укук коргоо органдарынын кызматкерлери үйгө кирүүгө аракет кылып жатканы көрүнөт. Расмий органдардан комментарий боло элек.
Кадыра Атамбаевдин айтымында, үйдүн ичинде Раиса Атамбаева бар.
Мурун Мамлекеттик мүлк башкаруу агенттиги соттун чечими менен Кой-Таштагы жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылганын билдирген. Ал жерге бала бакча жана карылар үйүн куруу пландалууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.