Путин Орусия Европага мунай жана газ жеткирүүгө даяр экенин билдирди

Владимир Путин дүйнөлүк мунай жана газ рыногундагы кырдаал боюнча жыйында Орусия Европага мунай жана газ жеткирүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Кремль маалымдады.

Путиндин айтымында, европалык компаниялар жана сатып алуучулар узак мөөнөттүү, туруктуу жана саясаттан көз каранды болбогон кызматташтыкка даяр экенин билдирсе, Орусия кайрадан мунай-газ жеткирүүгө макул.

«Эгер европалык компаниялар жана сатып алуучулар кайра багыт алып, узак мөөнөттүү, туруктуу кызматташтыкты камсыз кылууга даяр экенин билдирсе — анда биз каршы эмеспиз», — деди ал. Бул сөздөрдү ал Ормуз кысыгы аркылуу мунай ташуудагы көйгөйлөр тууралуу айткан ойлорунан кийин билдирди.

Анын айтымында, Орусия европалыктар менен иштешүүдөн эч качан баш тарткан эмес. Бирок азыр Москвага Европадан алар дагы кызматташууга даяр экенин жана туруктуу шарттарды камсыз кыларын көрсөткөн кандайдыр бир сигналдар керек.

Путин ошондой эле мурда өкмөткө орус отунун Европага жеткирүүнүн максатка ылайыктуулугун кайра баалоо тапшырмасын бергенин эске салды. Ал Европа «көрсөтмөлүү түрдө эшигин тарс жаап салганын күтпөй», башка багыттарды караш керектигин айтты.

Өкмөт буга чейин эле суюлтулган жаратылыш газын (СПГ) Европадан Азиядагы “достук мамиледеги” өлкөлөргө багыттоо пландалып жатканын билдирген.

Азырынча Орусия мунайды Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөргө, ошондой эле Венгрия жана Словакияга жеткирүүнү улантат.

Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөдөгү мунай ташуунун болжол менен 20–25 пайызы өтөт. Иран Израиль жана Америка Кошмо Штаттары менен согуш башталгандан кийин бул кысыкты бөгөттөй турганын билдирген. Кемелердин жүрүшү токтоп, натыйжада мунайдын баасы кескин кымбаттаган.

Жакынкы Чыгыштагы согуш жана мунай-газ бааларынын өсүшү фонунда Владимир Путин Европага жөнөтүлүп келген газдын бир бөлүгүн Азияга багыттоо тууралуу да сөз кылды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз