Куванычбек Конгантиев мандатын тапшыруу тууралуу БШКга арыз жазды

Куванычбек Конгантиев Жогорку Кеңештеги депутаттык ыйгарым укуктарынан баш тартуу тууралуу арызын Референдум жана шайлоо өткөрүү боюнча комиссиясына тапшырды.

10-мартта БШКнын комиссиясы бул арызды отурумунда карайт.

Конгантиев №21 шайлоо округунан депутат болуп шайланган жана 13 379 добуш алган. Ал «Эл үмүтү Ата-Журт» депутаттык тобунун мүчөсү жана Өндүрүш саясаты, транспорт, күйүүчү-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы.

Буга чейин депутаттык мандаттарын тапшыргандар:
    •    Эльдар Сулайманов
    •    Нурланбек Тургунбек уулу
    •    Кундузбек Сулайманов
    •    Жанар Акаев — азыр Ош шаарынын мэри.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз