Бишкек мэриясы "Дордой" базарынын ээлерине унаа токтоочу жайларды мэрияга кайтарып, жолдорду оңдоону тапшырды
16-март күнү Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен «Дордой» базарынын ичиндеги инфраструктураны жакшыртуу маселеси боюнча жолугушту.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, базардын аймагында көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу, аймакты көрктөндүрүү, анын ичинде көлмөнү тосуу жана сейилдөөчү аймак түзүү пландалууда.
Мындан тышкары, мэр базар аймагындагы бардык унаа токтотуучу жайларды муниципалитеттин балансына кайтарып, QR-код аркылуу төлөм системасын киргизүүнү тапшырды.
Мэр «Дордойго» төрт жолу барганын айтты: «Унаалар кире да, чыга да албай жатат. Шаар тургундары үчүн шарт түзүү керек. Соодагерлер үчүн шарт түзүлдү, ал эми элчи? Мэрия тарабынан бардык зарыл иштер аткарылган. Биз бизнеске каршы эмеспиз, тескерисинче, колдойбуз. Бирок бул өнүгүү башаламан болбошу керек. Соодагерлерге да, шаар тургундарына да ыңгайлуу шарт түзүлүшү зарыл», — деди Жунушалиев.
Аскар Салымбеков базардын аймагында жол куруу иштери 1-апрелден башталарын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында мэр Свердлов райондук акимиатына, Муниципалдык менчик башкармалыгына жана Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына бардык даярдык иштерин, анын ичинде тоскоолдук жараткан объекттерди бузуу иштерин бүтүрүүнү тапшырды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


