Айдоочулук күбөлүктөрүн документтеринин мөөнөтү бүткөн жарандар гана жаңыртышы керек, - Президенттин иш башкармалыгы
Кыргызстанда эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр жарактуу бойдон калууда, ал эми аларды алмаштыруу сунуштоо мүнөзүндө гана экенин Президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Бообек Салимжанов 31-мартта «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 15-январдан тартып өлкөдө мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча акция жүргүзүлүп келген. 31-март — акысыз алмаштыруунун акыркы күнү болду.
Ошол эле учурда күбөлүктөрдү алмаштыруу программасы токтотулган жок жана 2026-жылдын аягына чейин уланат. Айырмасы — 1-апрелден тартып алмаштыруу акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт. Анын баасы 1389 сомду түзөт.
Салимжанов белгилегендей, айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууга мөөнөтү көрсөтүлбөгөн жарандар гана милдеттүү. Ал эми мөөнөтү көрсөтүлгөн күбөлүктөр ошол мөөнөтү бүткөнгө чейин толук жарактуу бойдон калат.
«Эгерде мөөнөтү көрсөтүлгөн болсо, аны бүткөнгө чейин эркин колдонсо болот. Эски күбөлүктөрдү жараксыз деп табуу боюнча эч кандай норма жок», — деди ал.
Ошондой эле ал буга чейин берилген бардык айдоочулук күбөлүктөр азыркы учурда жарактуу экенин кошумчалады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


