Болот Кулназаров өзгөчө окумуштуу эле

 
Бул эскерүү макала — кыргыз илим дүйнөсүндө терең из калтырган профессор Болот Кулназаровдун жаркын элесине арналган. Өз өмүрүн биология жана экология илимдерине арнаган, өлкөнүн түштүк аймагында илимий мектеп негиздеген ал инсан жөн гана илимпоз эмес, насаатчы устат, өз ишине жан-дили менен берилген чыныгы инсандардын бири болгон. Анын эмгеги, кесипкөйлүгү жана адамдык бийик сапаттары эскерүүлөрдө ыраазычылык жана сый-урмат менен сүрөттөлөт. Бул макала аркылуу профессор Кулназаровдун жашоосу, илимий ишмердиги жана адамдык наркы окурмандарга жетип, жаңы муунга үлгү катары кала берет деген ишенимдебиз.
 
Илимпоз – даанышман устазды эскерүү 
 
Мен, Болот Карамырзаевич менен 2006-жылы жай мезгилдеринде өз кабинетине барып тааныштым, анын салабаттуу чымыр денелүүлүгү жана адамды бир караганда эле ички дүйнөңдү канчалык билимдүүүгү, маданияттуулугуңду кыскасы сенин ким экендигиңди рентгенден өткөрүп койгондой эле билип койгондой сезилди. Ал адамдын жанында туруу, ой-бөлүшүү, мен үчүн жашоомдогу болуп жаткан экзамен сынактардай сезилип, сүйлөп жатканда сөздөрүмү ойлонуп анализдеп жоопкерчиликте мамиле жасаар элем. Себеби агайдын маданияты, билимдүү-илимдүүлүгү, пакизалыгы, ар кандай иштерде туура чечим чыгарып кемчилдикти бетке айткан тайманбаган чечкиндүү бийик сапаттары бар эле. 
 
Ошондуктан, агайдын илимий мектебиндеги шакирттери да агайыбыздан үлгү алышып, жогорку маданияттуу, илимдүү, адамдын ички дүйнөсү таза пакиза, чындыкты талап кылышкан өз иштеринде чыныгы кесипкөйлөрү, мыкты окумуштуулары болуп чыгышты. Менин байкоомо караганда Ош мамлекеттик университети республикабыздагы эң алдыңкы саптагы окуу жайларынан болсо ошол кездеги “Зоология жана жалпы экология” кафедрасы да алдыңкы оорундарды ээлеп бүтүндөй Кыргызстанда даңазалуу болуп тураар эле жана бүгүнкү мезгилде ошондой денгээлди кармап келишүүдө. 
 
Мен үчүн мезгилдин улуу окумуштуусунан таалим-тарбия алуу анын илимий мектеби менен өндүрүштө эмгектенсем да алардын таасиринен илим-билим жакшы сапаттарды алдым. 
 
Улуу окумуштуунун колдоосу менен менин 30га жакын илимий макалаларым жарык көрдү, анын ичинен Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн бараандуу Эл аралык илимий журналдарынан чыкты. Анын жетекчилигинин алдында 2013-жылы июнь айында “Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругундагы сүт эмүүчү жаныбарлардын биологиялык көп түрдүүлүгү жана аларды коргоо” – деген темада кандидаттык диссертациямды ийгиликтүү коргодум. Ошону менен катар агайдын дагы бир өзгөчөлүгү сезимтал, боорукердик, кичи пейилдик, баштаган ишти аягына чейин текшерип туруусу, ар бир иш-чарада өзү баш болуп коллективди бир үй-бүлөөнүн балдарындай биримдикте сактап келген эле. Арабызда ооруп калгандар болсо жамаат менен бирге ден-соолугун сурап, моралдык-материалдык жардамын берээр эле.
 
Ушул кагазды жазып жатып мен, илимпоз, даанышман устазды эскерүү жашоодогу оор маселе экендигин сезип, айла жок тагдырга баш ийдим.
 
Камбарали Абдисатаров,
Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун 
ага илимий кызматкери, б.и.к., доцент.
 
Өзгөчө окумуштуу эле...
 
Болот Кулназаровдун туулган жери Сары-Челек биосфералык коругуна туташкан Аксы районунун Кара-Суу айылы. Анын өскөн аймагы да келечекте биолог, терең эколог болушуна көмөкчү болгонбу деген ой пайда болот. Атактуу Сары-Челектен түшкөн Кара-Суу дарыясынын боюнда төрөлүп, балалык-өспүрүмдүк мезгили ошол Кыргызстандын кайталангыc, кооз жаратылышында өткөнү келечекте кесип тандашына түрткү бергенби? – деп достору, кесиптештери көп айтышчу.
 
Албетте кийинки турмуш, билим сыноолору Болотту чыйралтты. Салыштырмалуу жаш окумуштуулардан алгачкылардан болуп кандидаттык (1997), доктордук (2004) диссертацияларын коргоду. Союз мезгилинде кырктан өтүп илимдин доктору болуу чоң ийгилик эле. Ал эми, элүүгө жетип профессор наамын алуу да сейрек болчу. Жарым кылымдык (50 жаш) юбилейинде докторлук диссертациясынын илимий консультанты көрүнүктүү эколог, профессор А. Т. Токтосунов: «Болот эмгекчил экен зарылчылык болгондо уйкуну, сайрандоону азайтып, коюлган илимий ишти, монографияны өз мезгилинде аяктоого аракет жасап, үзгүлтүксүз иштөөгө өзүн мажбурлайт экен, максатына жетүүгө тынымсыз аракет кылды, келечекте жемишин көрөт» - деген эле.
 
Болот бир нече илимий эмгектерди, методикалык колдонмолорду, биология боюнча энциклопедиялык сөздүктү, окуу китептерин, анын ичинде бүткүл өлкөнүн жогорку окуу жайларынын студенттерине арналган экология китебинин автору. Азыркы мезгилде экология китебин Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайларынын студенттери пайдаланып жатышат. 1990-жылдары экология боюнча жазылган кыргыз тилиндеги окуу китеби өтө сейрек эле. Орус тилиндеги Москвадан чыккан окуу китептерин кыргыз мектебин бүтүргөн студенттер өздөштүрө алчу эмес. Ал окуу китебинде экологияга мисалдарды, кризистерди Кыргызстандан жана Борбордук Азиядан келтирген.
 
Профессор Кулназаров Болот Карамырзаевич Түштүк Кыргызстанда алгачкылардан болуп зоология, экология багытында илимий мектеп уюштурган окумуштуу. Анын илимий жетекчилигинде 8 аспирант-изилдөөчүлөр кандидаттык диссертацияларын коргошкон. Азыркы мезгилде ОшМУнун зоология, экология жана биоинженерия кафедрасында Болоттун окуучулары: доценттер С.Т.Абжамилов, У.А.Атабеков, Г.А.Садыкова, А.М.Абдыкааров, К.Ы.Стамалиев, А.Т.Сарымсакова жана К.И.Алтыбаевдер үзүрлүү эмгектенип келишүүдө. Ал эми, Ош-Баткен жаратылышты коргоо токой өнүктүрүү фондусунун директору, биология илимдеринин кандитаты, доцент Абдисатаров Камбарали изилдөөчү катары Болоттун жетекчилиги менен кандидаттык диссертациясын коргогон. Профессор Болот Карамырзаевич көптөгөн чет өлкөлүк чоң университеттерде илимий стажировкадан өткөн. Мисалы, Москва мамлекеттик университетинде 1990-1991-жылдары экология боюнча адис дипломун алган. АКШнын Орегон Университетинде 1995-1996-жылдары биоартүрдүүлүк боюнча, 2000-2001 жылы Массачусетс Университетинде популяциялык экология боюнча иштеген. Ошондой эле, 1997-жылы Борбордук Европа Университетинде, 2002-жылы Калифорния Университетинде стажер окутуучу катары эмгектенген.
 
Ал көптөгөн экологиялык Эл аралык фонддордун координаттору, эксперттик комиссиянын мүчөсү катары эмгектенип, Ош шаарындагы экологдордун кайтарымсыз грант алышына салым кошкон. Профессор Куназаров көптөгөн эл аралык экологиялык коомдордун мүчөлүк ишин да аткарган. Анын илимий макалалары англис, немец тилдеринде эл аралык журналдардан чыккан. Орто Азиядагы көрүнүктүү экологдордон болгон. Ташкент, Алма-Ата, Душанбедеги Борбордук Азиянын экологиялык симпозиум, саммиттерине негизги докладчы катары катышчу. 
 
ОшМУда биология илимдеринин доктору профессор Б.К.Кулназаров мурдагы студенттери, аспиранттары, коллегалары кең пейилдүү, март интеллектуалдык деңгээли жогору, достукка бекем үлгү ала турган окумуштуу жана мыкты инсан катары эскеришет. Өмүрү өтүп кетсе да экологдордун азыркы муундары аны устат катары эскерип, илимий эмгектерин кеңири пайдаланып турушат.
 
Профессор Кулназаровдун аспиранты, биология илтимдеринин кандиданты, доцент Кутманалы Стамалиев азыркы мезгилде кафедра башчысы болуп, ийгиликтүү иштеп жатат. Экология кафедрасынын азыркы башчысы доцент К.Ы.Стамалиев жетекчиси негиздеген илимий теманы улантып, жамаат менен бирге илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп жатат.
 
Айдаралиев Э.К.
ОшМУнун ТТГ факультетинин ардагерлер кеңешинин төрагасы
 
Үлгүлүү устат 
 
Илимий жетекчим Кулназаров Болот Карамырзаевичтин тарбиясына болгон ыраазычылыгымды билдиргим келет. Профессор Кулназаров Б.К. бизге материалдарды туура талдоо жана аналитикалык ой жүгүртүүнү, илимдин өнүгүшүн түшүнүү боюнча терең билим берди. Ал, мен үчүн жогорку адамгерчиликтүү, таза жүрөктүү адам катары үлгү болуп, көп нерселерди үйрөнүүгө түрткү берди. 
 
Илимий жетекчим профессор Кулназаров Болот Карамырзаевич бизге жөн гана академиялык билимди эмес, адам болуунун маанилүүлүгүн, адалдык жана адамгерчиликтин бийик деңгээлин үйрөттү. Алдын ала аныктап айткандай, анын тарбиясы эмгекке, ыймандуу болууга жана өз ишин сүйүүгө багытталган. Мен ушул аркылуу өзүбүздүн өлкөбүздүн өсүшүнө, билимдин күчүнө жана ишенимдүү коомду курууга жол ачтым. Бүгүнкү күнү алган билимдерим жана ишенимим мага чоң жардам берип келет. Мен ушул бардык тажрыйбаларым менен өз өлкөмө кызмат кылып, билимдин күчү аркылуу коомго жардам берүүнү каалайм.
 
Профессор Кулназаров Болот Карамырзаевич бизди өтө тез таштап кетти, бирок ал чон илимпоз катары Кыргызстандын биология, экология илиминин өнүгүшүнө из калтырды жана артында чоң илимий команданы тарбиялап кетти. Ал бирөөгө жардам бергенди, таң калтырганды жакшы көрчү. Анын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө жашайт. Жараткан бейишинен орун берсин!

Садыкова Гүлмира,
КР билим берүүнүн мыктысы, “Азия-Кембридж” жеке мектебинин негиздөөчүсү, б.и.к., доцент.
 
Илимдүү адамдын жаркын элеси эч качан эсимден кетпейт 
 
Биз Болот экөөбүз мен “Кара-Шоро” мамлекеттик жаратылыш паркында директордун кызматты аркалап турганда таанышканбыз. Өндүрүштүк иштерге байланыштуу чекишип – бекишкенбиз. Экөөбүздүн мүнөздөрүбүз коркпостон тайманбастан бетке айткан, чындыкты кое бербеген өжөр адамдар экенбиз. 
 
Ал да мага окшогон чымыр денелүү, кең далылуу адам экен. Сүйлөшүп отуруп бири-бирибизди жакындан түшүнүп дос да болуп кеттик. Убакыттын өтүшү менен барды-келди үй-бүлөлүк каттоо жакшы болуп, өмүрүнүн акырына чейин жакшы адамдык сапаттарда жүрдүк. Ал биздин “Кара-Шоро” мамлекеттик жаратылыш паркы менен окуу жайдын биргелешкен илимий-келишимдерин түзүп, жаш окумуштуулары менен парктын өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн изилдөөдөгү иштери менен бизди илимий фундаментти курган адам. Илимге берилген адам, аба-ырайдын кандай экенине, же болбосо жаан жаап жатабы, кар жатабы, ысыкпы-суукпу ага карабайт эле. Окумуштуу балдары менен ак кара, көк муздарда да илимий материалдарды жыйнап ошондой оор шарттарда да иштерди биринчи максатка коюуп коллективке талапты катуу коер эле.
 
Биздин коллективдеги эгерлер агайды көрүшүп позитивдүү жактан таасирленишип илимий иштерге да кызыгышып кетишээр эле. Болоттун чоң илимпоз – замандын даанышман окумуштууларынын бири деп эсептейм. Албетте илимдүү адамдын жаркын элеси эч качан биздин эсибизден кетпейт.

Чокубаев.К.Р.
Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун директору

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз