Дипломаттар жана кызматтык паспорттор үчүн визасыз режим: Кыргызстандын Германия менен сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат, - ТИМ
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев дипломатиялык жана кызматтык паспортторго визасыз режимди киргизүү маселеси эмне себептен азырынча чечилбей жатканын түшүндүрдү.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Гуля Кожокулова Германиянын Бундестагына барган учурда визасыз режим маселеси көтөрүлгөнүн айтып, бул эмне үчүн азыркыга чейин ишке ашпай жатканын сурады.
Элчи Текебаев бул маселе ар кандай жолугушууларда көтөрүлүп жатканын белгилеп: «Алар эмне себептен визаларды бербей жатышканын так айта албайм, анткени бизге түздөн-түз түшүндүрүшпөйт. Биз мисалдарды келтиребиз, алар карап көрөбүз деп убада беришет», — деди.
Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов түшүндүргөндөй, учурда Евробиримдикке мүчө 27 өлкөнүн ичинен Кыргызстан ондон ашык өлкө менен ушундай келишим түзгөн.
«Айрым Европа өлкөлөрү менен мындай келишимдерди ийгиликтүү түзүп, ишке ашырып жатабыз. Азыр бул маселе күн тартибинде турат, сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Евробиримдиктин тажрыйбасында мындай келишимдер көп учурда реадмиссия боюнча макулдашуулар менен байланыштуу болот. Башкача айтканда, маселе дипломатиялык жана кызматтык паспорттор үчүн визасыз режимди киргизүүдө эмес, үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарын кайра кабыл алуу (реадмиссия) механизмин макулдашууда кыйынчылык жаралат. Мисалы, жакында сиздер Бенилюкс өлкөлөрү менен (үч мамлекет менен бир учурда) келишимди ратификацияладыңыздар, ал да реадмиссия маселеси менен байланышкан. Биз үчүнчү өлкө жарандарын кандай тартипте кайтарып алуу боюнча орток түшүнүккө жетиштик. Азыр бул багытта Германия жана башка ЕБ өлкөлөрү менен иш алып барып жатабыз жана процессти жыйынтыктоого үмүттөнөбүз», — деди ал.
Элчи Текебаев ошондой эле 2023-жылы Кыргызстан менен Германия өкмөтү мобилдүүлүк жана миграция боюнча келишимдин долбоорун макулдашканын айтты. «Тилекке каршы, биздин өкмөттөгү айрым процедуралык өзгөчөлүктөрдөн улам бул келишимге кол коюлган эмес. Эгер кол коюлганда, Кыргызстандык жаштарга Германияда мыйзамдуу иштеп, билим алууга мүмкүнчүлүк ачылмак. Бирок азырынча дипломатиялык паспорттор боюнча реадмиссия маселеси чечиле элек болгондуктан, визасыз режим да ачылбай жатат. Ал эми эмгек миграциясы боюнча реадмиссия иштеп жатат: мыйзамсыз барган жарандарды Кыргызстанга кайтарууну талап кылышат», — деп белгиледи.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


