Эдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды

Эдуард Кубатов Министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Белгилүү болгондой, Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 31-мартындагы №133 жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигин түзгөн.

Жаңы түзүм Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин, ошондой эле министрликтин туризм тармагындагы тиешелүү функцияларынын негизинде түзүлөт.

Мунун алкагында Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы да өзгөртүлдү.

Кыскача маалымат (резюме):

Туулган күнү: 1972-жылдын 2-январы
Жашы: 54 жаш
Туулган жери: Ысык-Көл облусу, Түп району, Кутурга айылы
Улуту: кыргыз
Тилдерди билүүсү: кыргыз, орус, англис тилдери

Эмгек жолу:

1992–2004-жж. — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде ыкчам жана жетекчи кызматтарда иштеген. Акыркы ээлеген кызматы — УКМКнын башкармалыгынын начальниги.

2005–2007-жж. — «Базовый Элемент» орусиялык инвестициялык холдингинин башкы директорунун орун басары, Кыргызстан, Тажикстан жана Азербайжандагы өнүгүү долбоорлору боюнча.

2007-жылдын январь–август айлары — Улуу Британиянын Лондон шаарындагы британия-казакстандык KazakhGold Group компаниясынын президентинин жана директорлор кеңешинин төрагасынын стратегиялык кеңешчиси.

2007-жылдын 7-августу – 2014-жылдын 26-апрели — «Талас Голд Майнинг Компани» ЖАКтын башкы директору (Жерүй кенин өздөштүрүү долбоору).

2008-жылдын августу – 2009-жылдын октябры — «Тенгри Майнинг Компани» компаниясынын президенти (Кыргызстандагы алтын жана калай кендерин иштетүү долбоорлору).

2011-жыл — «Полюс Голд Кыргызстан» компаниясынын башкы директору (ири алтын өндүрүүчү Polyus Gold Int компаниясынын туунду ишканасы).

2011-жылдын октябры — «Kyrgyz Gold Invest» ЖАКтын тең ээси (европалык инвестициялык топ менен биргелешкен долбоор).

2012-жыл — «Кыргыз-Орус Экономикалык Кеңеши» ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары.

2013-жылдын 15-майы — Кыргыз Республикасындагы Индонезия Республикасынын ардактуу консулу (2013-жылдын 6-ноябрында ТИМ тарабынан консулдук экзекватура берилген).

2014-жылдын 26-апрели — Австралиялык Robust Resources Limited компаниясынын Кыргызстандагы филиалынын директору.

2016-жылдын 17-майынан тартып — Centerra Gold компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү, корпоративдик башкаруу жана туруктуу өнүгүү комитеттеринин мүчөсү.

2022-жылдын январында — Кыргызстан альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти болуп шайланган.

Кыргызстандагы Bartholet Maschinenbau AG компаниясынын өкүлү.

2026-жылдын 10-апрелинде — Президент С. Жапаровдун буйругу менен Министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалган.

Билими:

1991–1996-жж. — Кыргыз улуттук университети, юридикалык факультет.

Орусиянын тышкы чалгындоо академиясын бүтүргөн.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз