Жалал-Абад – “Манас” шаары деп аталат. Эми борбор болобу?

 

2025-жылдын 3-сентябрында, Жалал-Абад шаарынын атын “Манас” шаары деп өзгөртүү сунушу берилди. Бул демилгени калаа мэри Эрнис Ормоков көтөрүп, шаардык кеңештин сессиясында жар салды. Сунушка бир да депутат каршы чыккан жок. Эми шаардын атын өзгөртүү боюнча атайын мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлүп, алар жактырса жана Президент кол койсо, мыйзам күчүнө кире турган болуп турат.


Мурда Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртөт деген имиштер азыр реалдуулукка айлангандай, эми Кыргызстандын борборун Жалал-Абадга көчүрөт деген имиштер реалдуулукка бир кадам жакындаганынан кабар бергенсиди. Анткени бул шаардын экономикалык потенциялы жогорулап, инфратүзүмдөрдү жакшырта башташты. Ага мисал: Жалал-Абад шаарына Бишкектеги “Ынтымак Ордо” Президенттик администрациясы сыяктуу жаңы үлкөн имарат түштү.


Алгачкы имиштердин реалдуулугу...


Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү демилгеси мурда эле көтөрүлүп жүргөн. Убакты сааты келип, азыркы бийликтин тушунда имиштер реалдуулукка айланды. Аты өзгөрөт деген сөздөр менен кошо: “Борбор шаар Жалал-Абадга көчүрүлөт имиш”,-деген сөздөр эл оозунда айтыла баштаганы кыйла болду. Бирок Кыргызстандын азыркы бийлигы бул тууралуу эч нерсе айта элек.


Жалал-Абад өлкөнүн борбор шаары болууга потенциалы канчалык экени тууралуу алдыда кеп кылабыз, ага чейин шаардын аталышы тууралуу сөз болсун.

Буга чейин өзгөртсө ушул ат ылайыктуу болмок деп, бир канча варианттар сунушталуп келген. Алардын ичинде: “Көк-Арт” деп атайлы дегендер да болгон. Бирок мындай сунуштардын бири да колдоо таап, коомчулукту бир пикирге келтире алган эмес.


Азыр эми “Манас” деп атала турган болду. Аны Жалал-Абад шаардык кеңештин эл шайлаган депутаттары колдоп бергенден кийин, чечимди коомчулук кызуу талкууга алды. Пикирлер ар кандай. Айрымдар колдосо, кээлери каршы пикирлерин билдиришти. Албетте ал мыйзам ченемдүү көрүнүш деңизчи.


Пикирдердин арасында, акын Улукбек Омокеевдин жазганы жөндүү көрүндү. Ал мынтти: “Соңку мезгилде адам аттарын өрөөн-шаарларга коюу адатка айланып баратат. Ар бир аталыш тарых. Колдон келсе, тарыхчылар, аймак таануучулар, этнографтан, тилчилер, санжырачылар менен кеңешип, тээ илгерки аталыштарды кайра коюу максатка ылайык болмок”,-деди.


Ооба, Улукбек айткандай, кыргыздар жер-суулардын аттарын адам аттары менен атаган эмес. Атаса да кайсы бир иши баяндалып коюлган. Мисалы: “Алиш учкан”, “Чырак тосмо” (Кара-Кулжа районунда), “Кожо бакырган сай” (Лейлек районунда), “Ноорузбай Бугу Атчу” (Тогуз-Торо районунда) деген жерлерди билебиз. Ал аталыштарды изилдеп келсең кайсы бир окуянын ушинтип учугу чыгат.


Жалал-Абад шаарынын атын кандай аталышка болбосун, эмнеси болбосун алмаштырыш керек деген менде жеке ой жашап келген. Менин ошол ички мүдөөм максатына жетти десем болот.


Жалал-Абаддын аталышы тууралуу уламыштар...


Негизи Жалал-Абаддын аты кантип Жалал-Абад болуп аталып калганы тууралуу эл оозунда уламыштар көп. Дээрлик баарында Жалал аттуу кишинин аты менен байланышат. Ооба, бул жердин аталышы жер шартына эмес, адамдын атына байланган уламыштар менен калып келген.

 

Жалал-Абад эки сөздөн турат, биринчиси: «Жалал» адамдын аты болсо, «Абад» термини фарсы тилинде «жер», «адамдар жашаган жер» маанисин билдирет. Бул тууралуу жалал-абаддык окумуштуулар Кеңеш Усенов менен Гүлжамал Токтогулованын 2023-жылы чыккан “ЖаМУ Кылым карыткан сапар” аттуу китебинде жазылат. Ошол эле китепте «Желал» урду тилинен перс жана араб тилине которулганда «даңк», «атак», «кадыр», «улуулук» дегенди билдирет. Демек, бул аталыш кыргыз тилинде «атактуу жер», «даңктуу жер», «кадырлуу жер» же «улуу жер» же болбосо, «Жалалдин атынан коюлган жер», десе болот деген маалыматтарды алабыз.


Аталган китептеги жазылган уламыштардын биринде шаардын аталышын Хорезмдин акыркы шахтарынын бири Желал ад-Дин Мангубердинин (1199–1231-жж.) ысымы менен байланыштырышат. Анда Чыңгызхандын аскерлери Хорезмди басып алганда (1221-ж.) кийин Жалал ад-Дин теңсиз салгылашуудан кийин Афганистандан качып өтүүгө үлгүрөт жана Кабул дарыясы өрөөнүндө аскер чогултуп, алар менен Гиндукуш тоолорунан ашып, Көкарт өрөөнүнө чыкканы айтылат. Ал он жылдай моңгол баскынчылыгына каршылык көрсөтүп, кандуу кармаштардын биринде Күртсанда курман болот. Ошентип, Желал ад-Диндин курман болгон жана Ооганстандагы аскер топтогон жерлеринде Жалал-Абад шаарлары негизделген.


Китептеги экинчи уламышка ылайык, шаардын пайда болушу курорттун тарыхы менен тыгыз байланышып, анда азыркы курорттун ордунда XVIII кылымдын экинчи жарымында дарылык касиетке ээ булактарды бай, саздак жерде Кокон хандыгы үйү (дачасы) болгон. Дачаны Жалал атуучу катчы башкарып, ал азыркы Өзбекстандын аймагынан жерге муктаж 40 үй-бүлөнү көчүрүп келген жана аларга чүчүкулак менен саздак жерлерди бөлүп берген. Алардын милдети ошол жерди жашоого, дыйканчылык кылууга, боло тургандай кылып өздөштүрүү болгон. Кичинкерээк “Жалал жакшы өздөштүргөн айыл же Жалал-Абад”,-деп атала баштады делет.


Ал ал китептен сырткары, эл оозунда айтылган дагы бир уламышка токтоло кетели. Анда мынтип айтылат: илгери Өзбекстандын Коргон-Төбө аймагындагы айылдардын биринен куулган Жалал аттуу котур бала апасы менен Айюп-Тоого келип, бир булактан колун жууса, айыккан имиш. Ушундан улам ушул жерди жердеп, тал-терек эгип, жашап калышат. Кийинчерээк Мырзакул болуш: “бул жерди абад кылып жиберипсиң”,-деп, жерди ошол балага берген имиш. Кийин Жалал-Абад деп аталып калган дешет.


Ошентип Жалал-Абад шаарынын аталышы баары келип эле адамдын атына байланыптыр. Дагы бир уламышта Аюб пайгамдардын аты да аталат.


Айрым фактылар...


Шаардык мэриянын расмий сайтындагы маалыматтарга ылайык, Жалал-Абад шаарынын түзүлгөндүгү жөнүндө расмий документтерде 1877-жылы октябрь айы деп көрсөтүлгөн. Тактап айтканда, ошол 1877-жылы Жалалабат шаар статусуна ээ болгон. Ошентип шаар болгондон баштаган тарыхына токтолсок, 1924-1926-жылдары округдун, 1926-1928-жылдары аймактык административдик, 1939-1959-жылдары облустун борбору аталган.

 

Ал эми 1991-жылдан баштап Жалал-Абад облусунун борбору болуп саналат. Депутаттардын Жалал-Абад шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 8-августундагы кезексиз XXIX сессиясынын 2 токтому менен Жалал-Абад шаарынын эмблемасы, туусу бекитилген.


1870-1936 жылдар Джаляль-Абад (Россия географиялык коомунун Туркестан “Кабарлары” бөлүмүнүн 1900 жылдагы маалыматында Андижан уездинин Джаляль-Абад болуштугунун Джаляль-Абад айылы деп белгиленген) административдик-аймактык бөлүнүшү боюнча расмий справочникте 1935-жылдын 1-сентябрына карата традициялык Джаляль-Абад аталышында жазылган. Кыргыз АССРинен республика болуп өзгөргөндөн кийин РСФСР курамынан чыкканда Шаар аталышына орфографиялык өзгөртүү киргизилген.


2002-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2002-жылдын 28-июнундагы “Кыргыз тилининин орфографиясынын жаңы редакциясында” 830-11 токтому менен “Жалалабат” деп өзгөртүлгөн.


2008-жылдын июнь айында кайрадан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өлкөдөгү калктуу конуштардын аталыштарын дефис менен жазуунун ордуна келтирүү токтомуна ылайык “Жалалабат” кайрадан “Жалал-Абад” деп аталып калган.


Шаардын ѳнүгүүсү 1915-жылы Андижан-Карасуу-Жалал-Абад темир жолун участкасын ачуу менен башталган, 1924-1925-жылдары Жалал-Абад педагогикалык техникумунун уюштуруу менен 1920-1940-жылга чейин сабатсыздык менен күрѳш болгон. 1961-жылы Драм театр курулган.

 

1991-жылы Жалал-Абад шаарына облустун борбору статусу берилген. 2007-жылдын 19-октябрында Жалал-Абад шаарынын 130 жылдыгы белгиленип, шаар “Данакер” ордени менен сыйланган.


1993-жылдын 31-августунан бери Жалал-Абад шаарын 15 мэр башкарган. Учурдагы шаар мэри Ормоков Эрнисбек Абдижалилович 2020-жылдын декабрь айынан бери иштеп келет.


1926-жылы Жалал-Абад шаарында 9657 адам болуп, алардын 1200ү сабаттуу болгон. 2017-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгында шаардын калкынын саны 159 997 адам деп көрсөтүлгөн.


Борбор болуу канчалык реалдуу?


“Быйыл Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 34 быйылдыгы Жалал-Абад шаарында өткөнүнүн терең символикалык мааниси чоң окуя болду”,-деген жазуучу Арслан Капай уулу: “Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү Жалал-Абаддын Кыргызстандын борборуна айланышын кыялданган эле. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип кеткен”,-деп расмий баракчасына пост жазды. Аны менен кошо Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун РСФСР революциялык комитетинин Биринчи Советтер Съезди үчүн 1924-жылдын ноябрь айынан тартып, 1925-жылдын март айына чейинки отчеттук докладын жарыялады. Анда мынтип айтылат:

 

“Кара-Кыргыз автономиялуу облусун башкарууну жеңилдетүү үчүн, бир жагынан Жалал-Абад шаарында облустук мекемелер үчүн имараттардын жетишсиздигинен (ал шаар Ревком тарабынан Кара-Кыргызстандын борбору жана борбор калаасы деп таанылган), экинчи жагынан зарыл болгон имараттар курулуп бүткөнгө чейин бардык облустук мекемелерди убактылуу Ташкент шаарында калтыруу чечими кабыл алынган. Бирок бир катар практикалык ыңгайсыздыктар бул чечимди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген жок жана Обревком өз бөлүмдөрү менен декабрдын аягында убактылуу Пишпекке көчүп барды. Облустук мекемелерди (Суу чарба башкармалыгы менен Кара-Кыргызсельпромдон башкасын) Пишпекке көчүрүү иши 1924-жылдын декабрь айынын аягында аяктап, 1925-жылдын башынан тартып Обревком жана Кара-Кыргызстандын облустук бөлүмдөрү уюштуруучулук, андан кийин пландаштыруу иштерине киришти”.


Демек, Жалал-Абад бир нече жыл бою кагаз жүзүндө Кыргызстандын борбору бойдон калып келген.


Учурда бул шаарда ички чарбалык жолдордун дээрлик көпчүлүгү оңдолуп, кеңейтилгенинен тартып, облустук жана шаардык администрацияга Бишкектеги “Ынтымак Ордо” Президенттик администрациясы сыяктуу имарат салынып, калаанын жалпы эле инфратүзүмдөрү жаңыланып, экономикалык потенциалы жогорулатылганга чейинки иштердин аткарылганы: “Кыргызстандын борбор шаарын Жалал-Абадга көчүрөт имиш”,-деген сөздөр менен реалдуулукка бир кадам жакындатты. Анын үстүнө мынтип шаардын аты да өзгөргөнү турат.


Жалал-Абаддын борбор болушуна албетте бийлик башындагылардын саясий эрки керек, болбосо ал имиштер сөз боюнча ишке ашпай деле кала берет. Бирок Кыргызстандын борбору азыркы Жалал-Абад же келечектеги Манас шаары болсо, ага кандай ыңгайлуулуктар, мүмкүнчүлүктөр жана шарттар болмок? Бир канча варианттарды аланизге алып көрсөк болот.


Биринчи кезекте географиялык жайгашуусу өзгөчө маанилүү. Жалал-Абад облусу өлкөнүн так ортосуна жакын жайгашкандыктан, түндүк менен түштүктү бириктирген көпүрө боло алат. Бул жагдай жолдордун, темир жолдордун жана авиациялык каттамдардын өнүгүшүнө да ыңгайлуу шарт түзөт.


Экинчиден, шаар өнөр жай, соода жана айыл чарба жагынан чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Аймактагы кен байлыктар, таза суу жана кеңири айыл чарба аймактары улуттук экономиканын өсүшүнө салым кошо алат. Борборду которуу менен региондор аралык тең салмактуулукту камсыз кылууга да болот.

 

Үчүнчүдөн, Жалал-Абад шаарында билим берүү, медицина жана маданият тармактары тез өнүгүп келе жатат. Университеттердин, колледждердин жана илимий борборлордун болушу жаңы борбордун интеллектуалдык базасын бекемдейт. Бул өз кезегинде жаштарды өлкө ичинде калтырууга жана жаңы муунду тарбиялоого шарт түзөт.


Эң негизги маселе элдин колдоосу. Эгерде коомчулук чындап эле Жалал-Абадды борбор катары көргүсү келсе, анда бул идея акырындап мамлекеттик деңгээлге чыгып, конкреттүү чечимдер менен коштолоору анык. Демек, бүгүнкү имиш эртеңки чоң өзгөрүүлөрдүн башаты болушу толук мүмкүн.


Асанбек Каракозуев

"Ош жаңырыгы" гезитинин башкы редактору

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз