Чыңгыз Айдарбековдун каттоосу жокко чыкса Мирлан Жээнчороев ЖКнын депутаты болуп калышы мүмкүн
Мирлан Жээнчороев Чыңгыз Айдарбековдун талапкер катары каттоосу жокко чыгарылса, Жогорку Кеңештин депутаты болуп калышы мүмкүн.
Бишкек шаарындагы №21 шайлоо округу (Ленин району) боюнча Жогорку Кеңештин депутаттык мандаты Куванычбек Конгантиев 2026-жылдын 10-мартында мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын тапшырып бергенден кийин бош бойдон калууда.
Анын ордуна кезекте турган талапкер катары мандатты Чыңгыз Айдарбеков алышы керек болчу. Ал 2025-жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо 6259 добуш алган.
2026-жылдын 13-апрелинде Чыңгыз Айдарбеков БШКга (Борбордук шайлоо комиссиясына) депутаттык мандат берүү тууралуу арыз менен кайрылган. Анын айтымында, бир айдан ашык убакыт өтсө да, БШК кечигүүнүн себептери боюнча эч кандай түшүндүрмө берген эмес.
14-апрелде анын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Ага Тышкы иштер министрлигин жетектеп турган мезгилде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган. Ал 2018-жылдын октябрынан 2020-жылдын октябрына чейин Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган учурда министр кызматын аркалаган.
Учурда БШК Чыңгыз Айдарбековду каттоо боюнча чечим кабыл ала элек. Ал дагы деле №21 округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер бойдон калууда.
Эгер анын каттоосу жокко чыгарылса, анда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты болуп Мирлан Жеенчороев калышы мүмкүн. Ал шайлоодо 3324 добуш алган. Жеенчороев буга чейин Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутат болгон. 2021-жылкы шайлоодо болсо «Альянс» партиясынан талапкер катары катышкан.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн. Өлкө 30 округга бөлүнүп, ар бир округдан 3төн депутат шайланган
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

