ИИМ жана прокуратура менен эч кандай тирешүү жок, -УКМКнын төрагасы
Акыркы убакта коомчулукта укук коргоо органдарынын ортосундагы «каршылык» тууралуу жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кармалышы көбөйгөнү кызуу талкууланууда. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков мекемелердин биргелешкен ишине түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, улуттук коопсуздук органдары ИИМ жана прокуратура органдары менен биргеликте укук коргоо системасын коррупциялашкан жана мамлекеттик кызматтын аброюна шек келтирген кызматкерлерден тазалоого багытталган ырааттуу, системалуу жана активдүү иштерди жүргүзүп жатат.
«Ушуга байланыштуу принципиалдуу түрдө белгилеп кетем: бүгүнкү күндө УКМК, ИИМ жана прокуратура органдарынын ортосунда эч кандай каршылык жок жана болушу мүмкүн эмес. Бардык укук коргоо органдары бирдиктүү байланышта иштеп жатат. Бул мекемелер аралык күрөш эмес, тескерисинче, укук коргоо тармагын таза эмес кызматкерлерден тазалоо боюнча биргелешкен иш. УКМК, ИИМ жана прокуратуранын кызматташуусу бир жолку эмес, туруктуу жана максаттуу мүнөзгө ээ.
Биздин жалпы максат — системаны алсыратуу эмес, тескерисинче аны чыңдоо, мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти бекемдөө жана жарандардын укук коргоо органдарына болгон ишенимин арттыруу. Ошондуктан жүргүзүлүп жаткан иштерди бир мекеменин экинчисине каршы күрөшү катары көрсөтүү негизсиз жана чындыкка дал келбейт», — деди Шабданбеков.
Ошондой эле УКМК төрагасы мыйзам бузгандарга карата эч кандай ведомстволук коргоо болбой турганын жана мыйзам баарына бирдей экенин белгиледи.
«Кайсы кызматта иштебесин, эгер кызматкер кылмыш же мыйзамды одоно бузуу фактысына жол берсе, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сөзсүз жоопко тартылат. Кызматтык ыйгарым укуктарын мамлекетти жана жарандарды коргоо үчүн эмес, жеке кызыкчылык же мыйзамсыз максаттар үчүн пайдаланган ар бир адам жоопкерчилик сөзсүз болоорун түшүнүшү керек», — деп кошумчалады ал.
Ошол эле учурда Шабданбеков кызматкерлердин көпчүлүгү өз милдетин ак ниет аткарып жатканын белгилеп, дал ошол таза иштеген кызматкерлердин кызыкчылыгы үчүн мамлекет тармакты абройдон түшүргөн, кызматтын кадыр-баркына шек келтирген адамдардан тазаланышы керек экенин айтты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

