Мурдагы баш прокурордун орун басары Адыл уулу Кубан 12 жылга эркинен ажыратылды

Аламүдүн райондук соту 2025-жылдын 31-декабрында массалык баш аламандык уюштуруу жана бийликти басып алууга даярдык көрүү иши боюнча чечим чыгарды.

Бул тууралуу 25-февралда Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун өкүмү менен:
    •    Жалал-Абад облусунун тургуну, мурдагы башкы прокурордун орун басары Адыл уулу Кубан КР Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү жана 278-беренеси («Массалык баш аламандыкты уюштуруу»), 261-беренеси («Уюшкан топ түзүү же ага катышуу»), 326-беренеси («Бийликти күч менен басып алуу») боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркинен ажыратылды;
    •    Чүй облусунун тургуну Б.Т. 41-берененин 2-бөлүгү жана 278-берене («Массалык баш аламандыкты уюштуруу»), 261-берене («Уюшкан топ түзүү же ага катышуу»), 263-берене («Уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо»), 326-берене («Бийликти күч менен басып алуу») боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратылды;
    •    Ош облусунун тургуну, 1987-жылы туулган К.А. 41-берененин 2-бөлүгү жана 278-берене («Массалык баш аламандыкты уюштуруу»), 261-берене («Уюшкан топ түзүү же ага катышуу»), 326-берене («Бийликти күч менен басып алуу»), 256-берене («Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук акт жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү»), 267-берене («Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркинен ажыратылды;
    •    Ош облусунун тургуну А.у.М. 41-берененин 2-бөлүгү жана 278-берене («Массалык баш аламандыкты уюштуруу»), 261-берене («Уюшкан топ түзүү же ага катышуу»), 326-берене («Бийликти күч менен басып алуу»), 283-берене («Сатуу максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо»), 267-берене («Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылды;
    •    Чүй облусунун тургуну Ч.А. 41-берененин 2-бөлүгү жана 278-берене («Массалык баш аламандыкты уюштуруу»), 261-берене («Уюшкан топ түзүү же ага катышуу»), 326-берене («Бийликти күч менен басып алуу») боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратылды;
    •    Т.У. 41-берененин 2-бөлүгү жана 278-берене («Массалык баш аламандыкты уюштуруу»), 261-берене («Уюшкан топ түзүү же ага катышуу»), 326-берене («Бийликти күч менен басып алуу») боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратылды;
    •    Т.Г. 41-берененин 2-бөлүгү жана 278-берене («Массалык баш аламандыкты уюштуруу»), 261-берене («Уюшкан топ түзүү же ага катышуу»), 326-берене («Бийликти күч менен басып алуу») боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратылды;
    •    Чүй облусунун тургуну К.Д. 41-берененин 2-бөлүгү жана 278-берене («Массалык баш аламандыкты уюштуруу»), 261-берене («Уюшкан топ түзүү же ага катышуу»), 326-берене («Бийликти күч менен басып алуу») боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратылды;
    •    М.М. 41-берененин 2-бөлүгү жана 278-берене («Массалык баш аламандыкты уюштуруу»), 261-берене («Уюшкан топ түзүү же ага катышуу»), 326-берене («Бийликти күч менен басып алуу») боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратылды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз