«Силер туристтерден пайда табасыңар»: Жанар Акаев бузулган объекттерге качан компенсация берилерин айтты
Бүгүн, 14-май күнү Ош шаарынын мэри Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушууда.
Жыйында Алишер Навои көчөсүнүн тургуну Мубара Аманбаева дүкөндөрү бузулуп, алар кыйналып жатканын, анжыктан компенсация маселесин эртелетип берүүнү суранды.
«Мен «снос» боюнча кайрылып жатам. Бир жылдан ашык убакыт өттү. Үйлөрүбүз, дүкөндөрүбүз сүрдүрүлүп кетти. Ал аз келгенсип иш жайыбызды да алып коюшту. Азыр баарыбызда иш жок. Тричилигибиз абдан оор болуп калды. Навочи көчөсүндөгүлөр абдан оор абалда жашап жатат. Сизден суранабазы. Компенсацияны бере элек. Жада калса үйлөрдү өзүбүз бузуп, топсъемка жана башка каражаттарды да өзүбүз төлөдүк. Эми азыр чөнтөгүбүздө бир сом акчабыз жок. Ошондуктан, компенсация маселесин тез арада чечип берсеңиздер, сиздерден ыраазы болот элек», - деди ал.
Жанар Акаев 1 миң 250дөй турак үй, 550дөй коммерциялык объект бузулганын, аны кайтаруу иштери жакын арада бүтөрүн айтты.
«Эже, 1 миң 250дөй турак үй, 550дөй коммерциялык объект бузулган. Аны биз кантип кайтарабыз? Аны биз шаардагы жерди трансформация кылып туруп, компенсация катары сиздерге беребиз. Бирок ал жерлерде да бирөөлөрдүн жерлери. Ал үлүш ээлерин чогултуп бүттүк. Чогултуп бүтүп, өкмөткө жибердик. Жакынкы күндөрү трансформация болгондон кийин ошол жерлерди сиздерде мыйзамдын негизинде, адилеттүү түрдө бөлүп беребиз. Бул иштер аягына чыкканы калды. 2 айдын ичинде компенсация маселесин чечип бүтөбүз. Ошол эле коммерциялык объекттер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. 2 айдын ичинде сиздер менен кеңешип, шаардагы утулбай турганадай кылып, сиздер да нааразы болбогондон кылып чечебиз. Менин эң негизги милдетим ушул азыр. Сиз кыжалат болбоңуз, Алишер Навои көчөсүндөгү – Сулайман-Тоонун четиндеги 65тей үйдүн 60ына тескерисинде туристтер келе турган аймак кылганы жатабыз. Ал жерде кеңейтип, веложол, тротуарларын кылабыз. Ал жерге байыркы Ошту чагылдырган жай кылып, этно шаарча кылабыз. Ал жерден тескерисинче туристтерден акча табасыңар. Ал жерден өгүз дагы өлбөйт, араба да сынбайт, эже», - деди Акаев.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

