Буга чейин жер маселеси боюнча нааразы болуп Бишкекке жөө жөнөгөн аялдардын бири Оштун мэрине кайрылды

Бүгүн, 14-май күнү Ош шаарынын мэри Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушууда, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Анда Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Кызыл-Байрак айылынын тургуну Орозакан Токторалиев Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери боюнча маселени көтөрдү. 

Токторалиева белгилегендей, Агардык чарба муниципалдык ишканасынын башчысы Мурадин Тешебаев дыйкандардын жерлерин фермелерге бөлүштүрүүнүн алкагында де-факто фермердик чарбаларга, де-юре өздөрүнүн күйөө баласына берип жиберген. 

«Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери боюнча айтайын. Ошол жерлер мурда Кара-Сууга караса, азыр шаарга өттү. Ошонун жетекчиси Мурадин Тешебаев азыр бүт дыйкандардын жерлерин алып, фермердик чарбаларга деп, де-факто фермердик чарбаларга, де-юре өздөрүнүн тууган-уруктары, күйөө баласына бөлүнүп кеткен. Анан калса бүт жерлерди Оштогу 10 байдын бирөөсү – «Ош галерея» тартып... Карапайым элдин жерин тартып берди. Мурда Кызыл-Кыштакта  [Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинде ] Кайра бөлүштүрүү фондунун жерин караганда, биринчи топтогу майыптарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө деп бөлүштүрчү элек. Азыр ошол бүт жерлерин алдырып коюп6 жашоо-шарты оор. Мисалы, менин күйөөм деле 40 жыл трактор минген. Менин да 1 гектар жерим бар эле. Аны алышып, Кушбактын (Агардык чарба муниципалдык ишканасынын кызматкери) аравандык күйөө баласына берип коюшту», - деди ал.

Вице-мэр Эрнис Толтоев АТР алкагында Ош шаарына 2 айыл өкмөт өткөндөн кийин мэрия жерге байланыштуу маселе болбошу үчүн Агардык чарба муниципалдык ишканасын түзгөнүн, аталган жаранга анын жетекчиси жооп берерин айтты.

Ал эми Агрардык чарба муниципалдык ишканасынын жетекчиси Мурадин Тешебаев МинКабдын  №243 токтому боюнча,  статусу бар фермерлерге кайсыл жерден болсо да жер алууга укуктуу экенин айтып, буларга токтолду.

«Кызыл-Кыштактагы 231 гектар жердин ичинен МинКабдын токтому боючна фермелери 50 пайызын алышы керек. А биз фермерлерге болгону 21 гектар гана жер бердик. 10 пайыз бердик да. Калганын дыйкандарга таркаттык. Ал эми «Ош галерея» деген адам боюнча, Ош мэриясынын 2025-жылдын 14-октябрында №646 буйругу бар. Анда шаардык кеңештин депутаттары курамында бар комиссия түзүлүп, аукцион өткөрүлгөн. Анан аукциондон утккан. Мурда бул жерлерди бир эле адам 20 жыл бою иштетип жүргөн. Анан биз ошол жерлерди аукционго коюп, 1 гектар жер 168 миң сомг чыкты», - деди ал.

Эрнис Толтоев маселени түшүнгөнүн, башка жерлер болсо биринчи кезекте Токторалиеваны «караштырып» коюусун тапшырды. 

«Эженин маселеси боюнча... Биз аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 10,5 гектар жер бөлүп бердик. Минималдуу баада – 10 миң сомдон бергенбиз», - деди ал.

2019-жылы Орозакан Тоткоралиев жана Гүлнара Мирзакеримова аттуу жарандар Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү жерлер мыйзамсыз сатылып кеткенин айтып, АКИпресс-Ошто бир нече ирет маалымат жыйын беришкен.  Алар бийлик органдарына кайрылган учурда маселе чечилбегени үчүн Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылышканын айтышкан болчу. 

Алар 2019-жылдын 8-апрель күнү жергиилктүү бийликке нааразы болуп, Бишкек шаарына карай жөө жүрүшкө да чыгышкан эле.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз