Кыргызстандын АКШдагы элчиси Трампка ишеним грамоталарын тапшырды

Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчиси Эдил Байсалов Дональд Трампка ишеним грамоталарын тапшырды.

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги билдиргендей, азем 21-майда Ак үйдө өттү.

Байсалов президент Садыр Жапаровдун саламын жана каалоо-тилегин жеткирип, Кыргызстан кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого умтуларын ырастады.

«Элчи Кыргызстан өлкөнүн көз карандысыздыгынын алгачкы жылдарынан бери АКШ көрсөтүп келе жаткан колдоону жогору баалай турганын белгилеп, Американын Борбор Азия жана менен кызматташууга ар дайым өзгөчө көңүл буруп келе жатканына ыраазычылык билдирди», - деп айтылат маалыматта.

Дональд Трамп Кыргызстандын жаңы элчисин куттуктап, эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Ал эки өлкөнүн элдери ортосундагы жылуу байланыштын маанисин белгилеп, элчи Байсаловдун миссиясы Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы саясий жана экономикалык кызматташтыкты бекемдейт деген ишенимин айтты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз