Быйыл Ош облусу боюнча жалпы 500 чакырым жол курулат
Бүгүн, 26-май күнү Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушууда.
Жолугушууга Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов, Ош облусунун прокурору Чыңгыз Ахматов, Ош ОИИБдин башчысы Нурланбек Бурканов, УКМКнын Ош шаары, облусу боюнча башчысы Канат Табалдиев жана райондогу мекеме-ишкалардын жетекчилери катышууда.
Жолугушуунун жүрүшүндө Аманкан Кенжебаев Ош облусу боюнча 28 мектеп, 20 бала бакча, 8 спорт зал салынып жатканын айтты.
«Сурооңордун астында мен айтып кетейин. Быйылкы жылга Ош облусу боюнча айтып кетейин. 2028-2030-жылга чейин бир дагы эски мектеп калбайт. Мектепти баары жаңы каоторулат. Бала бакчалар, мектептер бүт жаңы салынат. Быйылкы жылга Ош облусу боюнча 28 мектеп салынып жатат. 20 бала бакча салынууда. 8 спорт зал курулуп жатат», - деди ал.
Ошондой эле ал быйылкы жылы Ош облусуна 500 чакырым асфальт куруларын кошумчалады.
«Быйылкы жылга , «сплошной» асфальт боюнча, быйылкы жылга 500 чакырым «сплошной» асфальт салып жатабыз. Былтыркы жылы 45 чакырым «сплошной» асфальт салганбыз. 2 жылда облуста дээрлик миң чакырым асфальт жол салдык. Бул боюнча да каражаттар бөлүнүп жатат. Быйылкы жылга биздин экономикабыздын өсүшүнө байланыштуу 10 млрдга жакын акча бөлүнүп берилди», - деди ал.
Президенттин өкүлү мындан сырткары, облустун аймагында МИКтин үйлөрү курулуп жатканын белгиледи.
«Көбүңөр ушу чек (жер участогу) маселесине келесиңер. Мен эми чек маселесин айтып кетейин. Азык-түлүк коопсуздугу деген бар. Эми жерди баары тарып келе жатат. Эл көбөйүп жатат. Ошондуктан, ал меаселени чечүү үчүн бийиктикке өчүү деген мамлекеттинн саясаты жүрүүдө. Ошону үчүн биз ар бир жерден бош жерлерди алып, МИК менен көп кабаттуу үйлөрдү курганга басым жасай баштадык. Кара-Суудан 47 гектар жер бөлүнүп, ошол жерге 109 этаждуу үй түшөт [109 даана көп кабаттуу үй ]. Өзгөндө быйылкы жылга 3 миң батир салынып жатат. Дагы 15 гектар жер бөлүп берди, ал жерге да 5 миңдей батир түшөт. Ноокаттан дагы 15 гектар жер бөлүнүп берилди. Кечээ эл менен жолукканда дагы 5 гектар болуп, жалпы 20 гектар жер бөлүнүп берилди. Аравандан, силерден 11 геткар жерге МИК менен сүйлөшүп жатабыз, ал жерег 3-4 миң батир салабыз деген принцип менен кетип бара жатабыз. Алай районунда дагы көп кабаттуу үйлөр үчүн ошондой чектер бөлүнүп берилди. Ал жерге да 5 кабаттуу үйлөр курулмай болду. Калган райондордо 9-12 кабатттуу үйлөр салынат.
Ачык эле айтып кетейин, Кыргызстан боюнча бүгүнкү күндө 60 миң батир салынып жатат. 2 жылдан ичинде 100 миң батирге жетебиз», - деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


