Москвада ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйыны өттү
Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков 26-май күнү Москва шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Коопсуздук кеңештеринин катчылары комитетинин кезектеги жыйынына катышты.
Жыйындын жүрүшүндө заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү маселелери, ошондой эле уюмдун алкагындагы мындан аркы кызматташтыктын багыттары талкууланды.
Адилет Орозбеков Кыргызстан азыркы коркунучтарды өзүнчө эмес, жамааттык коопсуздуктун жалпы системасынын алкагында карай турганын белгиледи. Анын айтымында, төмөнкү багыттар боюнча биргелешкен аракеттерди мындан ары да күчөтүү маанилүү:
- атайын кызматтардын, укук коргоо жана аскердик түзүмдөрдүн өз ара кызматташтыгын чыңдоо;
- маалыматты ыкчам алмашуу механизмдерин өркүндөтүү;
- киберкоркунучтарга жана маалыматтык-психологиялык таасирлерге каршы чараларды иштеп чыгуу;
- жаштар арасында радикалдашуунун алдын алуу жана экстремисттик идеологияга каршы күрөштү күчөтүү.
Жыйындын жыйынтыгында быйыл күзүндө өтө турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына даярдык көрүү алкагында бир катар документтерге кол коюлду.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

