"75чинин каты": Ташиев, Зулушев, Тургунбек уулу соттук жыйынга келишет
1-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бийликти басып алууга аракет кылуу иши боюнча соттук процесс уланды.
Отурумга УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, мурждагы депутат Курманкул Зулушев жана парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу келди. Ошондой эле сотко бул иш боюнча камактагы 5 саясатчы — Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев жана Курсан Асанов жеткирилди.
Узакбаевдин жактоочусу Акынбек Ногоевдин айтымында, айыпталуучулар иштин материалдары менен таанышып жатышат. Жактоочулар соттук отурумдарды ачык өткөрүүнү суранган, бирок сот өтүнүчтү канааттандырган жок.
Жактоочу Узакбаевдин ден соолугу начар экенин да билдирди. Аны үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчтү дагы сот четке каккан. Камчыбек Ташиевге бийликти күч менен басып алууга даярдануу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча айып тагылууда. Бул иш боюнча башка адамдар да өтүүдө.
Иш жашыруун макамга ээ болгондуктан, соттук отурумдар жабык өтүүдө. Процесстин катышуучуларына тергөөнүн материалдарын жана соттук териштирүүнүн чоо-жайын ачыктоого тыюу салынган.
Иш «75 кишинин каты» деп аталган — саясатчылар жана коомдук ишмерлердин мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү чакырыгы менен байланыштуу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

