Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланды

Кыргызстан биринчи жолу БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүнүн курамына кирет.

Өлкө буга төртүнчү аракетинде жетишти.

Азия-Тынч океан аймагынан Кыргызстан менен Филиппин талапкерлигин койгон. Бишкек 142 добуш алса, Манила 49 добуш алды.

БУУнун Башкы Ассамблеясы 2027–2028-жылдарга Коопсуздук кеңешинин 5 жаңы туруктуу эмес мүчөсүн шайлады. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Австрия, Португалия, Зимбабве, Тринидад, Тобаго жана Кыргызстан Коопсуздук кеңешинен орун алышты.

Коопсуздук кеңешинин жаңы мүчөлөрү Данияны, Грецияны, Пакистанды, Панаманы жана Сомалини алмаштырышат. Бахрейн, Колумбия, Конго Демократиялык Республикасы, Латвия жана Либерия Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү статусун сактап калышат.

Маалымат үчүн. БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрү

Коопсуздук кеңеши 15 өлкөдөн турат. Алардын бешөө — Россия, Кытай, Улуу Британия, АКШ жана Франция — туруктуу мүчөлөр болуп саналат жана вето коюу укугуна ээ. Калган 10у — туруктуу эмес мүчөлөр: алар добуш берүүгө катышат, бирок вето коюу укугунан ажыратылган.

Туруктуу эмес мүчөлөр жыл сайын Башкы Ассамблея тарабынан беш өлкөдөн турган топтор менен шайланат. Шайлануу үчүн добуштардын кеминде үчтөн экисине ээ болуу зарыл. Ыйгарым укуктардын мөөнөтү — эки жыл, андан кийин өлкө дароо кайра шайлана албайт.

Орундар аймактык принцип боюнча бөлүштүрүлөт: беш орун — Африка жана Азиядан, бирөө — Чыгыш Европадан, экөө — Латын Америкасынан, экөө — Батыш Европа жана башка мамлекеттерден.

Туруктуу эмес мүчөлүккө Япония (12 жолу), Бразилия (11 жолу), Аргентина (9 жолу) башкаларга караганда көп шайланган.

БУУнун 60ка жакын мүчө-мамлекети эч качан Коопсуздук кеңешине кирген эмес, алардын арасында бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан да бар болчу.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз