Ташиев, Зулушев, Тургунбек уулу соттон бир унаа менен чыгып кетишкен

Бийликти басып алууга даярдык көрүү иши боюнча фигуранттар — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев жана парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу — Биринчи май райондук сотунун отурумунан кийин УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен бир унаада чыгып кетишти.

Мурунку сот процесстериндегидей эле, Ташиев сотко «Тойота Лэнд Крузер» унаасы менен келди. Зулушев менен Тургунбек уулу отурумга өзүнчө унаалар менен келишкен, бирок процесс аяктагандан кийин Ташиев менен чогуу кетишти.

4-июнда бул иш боюнча кезектеги сот отуруму болду. Айыпталуучулар жана алардын жактоочулары дагы бир жолу иштин материалдарынын жашыруундуулугун жоюу боюнча өтүнүч келтиришти, бирок сот бул өтүнүчтү канааттандырган жок.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз