Иште купуя күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү пайда болду, - Ташиеванын адвокаты
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 4-июнда бийликти басып алууга даярдык көрүүгө карата козголгон кылмыш иши боюнча процесс жылдырылды.
Жыйын купуялуулук грифинен улам жабык режимде өтүүдө.
Иштин фигуранттары катары УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы депутат Курманкул Зулушев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, ошондой эле беш саясатчы өтүүдө.
Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов журналисттерге билдиргендей, процесс ишке тиркелбеген сурак протоколдору болгондугуна байланыштуу жылдырылды.
«Үч жашыруун күбө бар экендиги жана алардын сурак протоколдору кылмыш ишине тиркелбегени аныкталды. Анкеталык маалыматтар гана жашырылышы керек, ал эми көрсөтмөлөрдүн өзү ишке тиркелиши керек. Иште алар жок. Ошондуктан түштөн кийин бизге берилбеген сурактын үч протоколу менен таанышабыз», - деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

