Салтанат Аманова жашы жете электерге порносайттарды толугу менен бөгөттөөнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова порносайттар жаштарга терс таасир тийгизип, ажырашууларга жана башка социалдык көйгөйлөргө себеп болушу мүмкүн экенин айтты.

Кечээ, 8-июнда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Кыргызстандын бир катар мыйзамдарына жана кодекстерине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууланды.

Аманова интернетте жана социалдык тармактарда порнографиялык материалдарга эркин кирүү маселесин көтөрдү. Анын пикири боюнча, мындай сайттарга көзөмөлдү күчөтүп, балдардын керексиз контентке кирүүсүн чектөө жолдору тууралуу ата-энелерге көбүрөөк маалымат берүү зарыл.

Депутат чет өлкөдө ата-энелер балдарына мындай контентти атайылап сатып аларын, эгер мыйзамсыз көрүү учуру катталса айып пул төлөнөрүн белгиледи.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткөн Коңкубаева интернет-провайдерлер порносайттарды көзөмөлдөп, бөгөттөө иштерин жүргүзүп жатканын билдирди. Ошондой эле мындай материалдарга кирүүнү чектөө мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.

Эксперт Марат Төрөбеков Кыргызстанда порносайттарды бөгөттөө боюнча чечим кабыл алынгандан кийин интернет-провайдерлер мындай ресурстарды күнү-түнү көзөмөлдөп, бөгөттөөгө милдеттендирилгенин эске салды. Бирок VPN кызматтары аркылуу чектөөлөрдү айланып өтүүгө мүмкүн болгондуктан, маселени толук чечүү кыйын.

Анын айтымында, мобилдик операторлор ата-энелерге балдардын телефондоруна чыпкалоо орнотуп, керексиз контентке кирүүнү чектөө мүмкүнчүлүгүн да сунушташат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз