Депутат «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүн Эсептөө палатасынан текшерүүнү сурады

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева өлкөдө дары-дармек менен камсыздоо маселеси дагы эле курч бойдон калып жатканын айтып, «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасын текшерүүнү Эсеп палатасынын төрагасынан суранды.

Учурда Жогорку Кеңештин Бюджет боюнча комитетинде Эсеп палатасынын төрагасынын отчету каралууда.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Камила Талиева текшерүүнүн жыйынтыктарын берүүнү өтүнүп, парламент жыл сайын эле бир өңчөй отчетторду угуп келатканын, бирок анын натыйжасы жетишсиз болуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда (ММКФ) миллиарддаган сомдук мыйзам бузуулар аныкталууда.

«Мурда ММКФ өкмөттүн алдында өзүнчө түзүм болчу. Кийин бир министр келип, аны министрликтин карамагындагы жөн гана башкармалыкка айланткан. Ошондон бери ал жерде миллиарддаган сомдук мыйзам бузуулар аныкталып жатат», — деди депутат.

Ошондой эле ал «Кыргызфармациядагы» абалга да токтолду.

«Аймактарда дары-дармектер жетишсиз. Мамлекет болсо аларды жеке компаниялардан сатып алууга аргасыз болуп жатат», — деди Талиева.

Эсеп палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов мекеме буга чейин эле «Кыргызфармацияга» аудит жүргүзүп, анын материалдарын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп бергенин билдирди.

Өз кезегинде депутат аталган мамлекеттик ишканада көйгөйлөр дагы эле сакталып жатканын айтты.

«Президент бул мекемени элдин кызыкчылыгы үчүн түзгөн. Бирок анда кадрдык маселелерден тартып уюштуруу иштерине чейинки бир катар кемчиликтер бар», — деди ал.

Белгилей кетсек, 2021-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өткөрүлгөн. Ал эми «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы 2023-жылы түзүлгөн.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз