Тарыхчы: Кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим — тарыхтын жаңы барагын ачты

 
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси – дээрлик жүз жылдык убактан берки талкууларды жаратып келген орчундуу маселелердин бири болчу. Ошентип бул маселе чечилип, эки өлкө башчылары атайын келишимге кол коюшту. Бул узак жылдарга созулган сүйлөшүүлөрдүн, макулдашуулардын жана эки элдин кызыкчылыгын эске алуу менен кабыл алынган чечимдердин жыйынтыгы болуп калды. Кыргыз-тажик чек арасы боюнча эксперттик ойлору менен бөлүшүп жүргөн, ОшМУнун профессору, тарых илимдеринин кандидаты Жумали Адилбаев, маселесинин чечилишинин тарыхый мааниси, Борбор Азиядагы интеграциянын келечеги жана эл арасында жаралган пикирлер жөнүндө ой бөлүштү. Анын айтымында, бул кадам Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө, аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана келечекте экономикалык байланыштарды чыңдоого чоң өбөлгө түзөт.
 
-Жумали агай, саламатсызбы? Кыргыз-тажик чек арасы чечилип, тарыхий окуя болуп атат. Бул кандай кыйынчылыктар менен чечилди деп ойлойсуз?
 
-Саламатчылык. Бул – өтө чоң тарыхий окуя болду. Муну биз Совет бийлиги орногон убактан бери күтүп келгенбиз. Бүгүнкү күндө дүйнөдө мамлекеттик чек арасы эмес, мамлекети жок элдер да бар эмеспи. Мисалы, күрттөрдү айтсак болот. Алардын калкынын саны болжол менен 40 млн., ээлеген аянты 40 миң 643 чарчы км. Алар 4 мамлекеттин: Түркиянын, Ирактын, Ирандын жана Сириянын жеринде жайгашкан. Бүгүнкү күнгө чейин алардын мамлекеттик чек арасы эле эмес, мамлекети жок. Экинчи мисалды келтип кетели, алар – уйгурлар. Дүйнөдө алардын саны 10 млн.дон ашык. Айрым маалыматтарда 13 млн деп жүрөт. Кытайда 12 млн 800 миң уйгурлар жашайт. Булардын да өзүнүн улуттук мамлекети жок.
 
Ушуга салыштырмалуу биздин Кыргызстан өз алдынча мамлекет болуп, эгемендүү болуп, өзүнүн мамлекеттик чек арасын тактап, эң акыркы Тажикстан менен болгон чек араны тактап, Эл аралык келишимге кол коюлганы – бул, тарыхий окуя болуп калды. Муну биз эске тутушубуз керек. Бул узак мезгилден бери ишке ашпай келген нерсе эле.
 
-Ошентип эки мамлекеттин чек арасы такталды. Ынтымакта бололу деп баарыбыз кол алышып атабыз. Бул нерсе келечекте өзүнүн кандай жемишин берет деп ойлойсуз?
 
-Мунун жемиши абдан эле жакшы болот, мол болот. Себеби дегенде, бизге белгилүү болгондой, кийинки учурларда аймактарга бөлүнүү, аймактарга биригүү деген сыяктуу дүйнөлүк жалпы бир консалидациялык өнөктүк жүрүп атат. Өзгөчө орус-украин кагылышуусунан кийин дүйнө эли дүйнөлүк тарыхты жаңыча көз караш менен карай баштады. Бири бирине үстөмдүк көрсөтүп, экономикалык, дипломатиялык жана башка басымдарды жасап атышат. Ушундай шартта элдер тескерисинче биригүү процессин баштан өткөрүп жатышат. Айрыкча Борбор Азия мамлекеттеринин биригүүсү абдан зарыл болуп турат. Себеби, азыркы шартта “бөлүнгөндү бөрү жейт”,-деген заман болуп калды.
 
Ошондуктан бул келишим – бир гана Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамиленин жакшырышы эмес, бүткүл Борбор Азия мамлекеттери үчүн чоң утуш болот.
 
-Ошол келишимдерге кол койгондон кийин Президент Садыр Жапаров өзүнүн фейсбуктагы баракчасы аркылуу элге кайрылуу жазып, аймактык кызматташтыкты чыңдоо боюнча жаңы демилге көтөрдү. Анда: эми мындан ары Борбор Азия мамлекеттери бири-бирине визасыз каттоо режимине өтүп, ал эми үчүнчү өлкөлөрдөн келген коноктор үчүн Шенген визасына окшош бирдиктүү виза киргизүү зарылдыгын белгиледи. Ушул ишке ашат деп ойлойсузбу?
 
-Негизи буга менин чоң үмүтүм бар. Анткен себеби, Борбор Азиядагы мамлекеттер тээтиги Октябрь революциясына чейин эле, байыртадан келе жаткан өз ара мамилелери, жакындыгы бар. Ал убакта эч кандай мамлекеттик чек ара жок эле да. Бирок кийин, адегенде Орусиянын аймагындай аймак болуп, кийин Түркстан АССРи болуп, анан кийин улуттук мамлекеттерге бөлүнүп, анан чек ара дегендей азыркы шарттар пайда болгон. Өздөрүнүн өз ара элдеринин ортосундагы мамиле – бул, тарыхий процесс болуп келген. Ошондуктан бул демилге ишке ашса, Борбор Азиядагы бардык элдер утут деп айтат элем. Андыктан, бул процесс акыры Шенген келишими сыяктуу Борбор Азияга да зарыл нерсе. Менин оюмча болот болуш керек.
 
-Чек аралар чечилгенде, айрым сынчылар, мисалы: Кытай менен такталып бүткөндө Үзөңгү-Куушту, Казакстан менен бүткөндө Каркыраны, Өзбекстан менен такталганда Кемпир-Абадды айтышты эле. Эми азыр Тажикстан менен бүтүп жатканда да түрдүү сөздөрдү көтөруп чыгышууда. Ушул маселеде жөнөкөй жарандарбы же депутаттарбы, дегеле ким болбосун, мамлекет үчүн кандай кылышса болмок эле деп ойлойсуз?
 
-Эми мен муну, мыйзам ченемдүү эле көрүнүш деп ойлойм. Боло турган нерсе. Бардык жакшы нерсе болгондо да, арасында сынчылар болот, көрө албастар болот. Анан мүмкүн алар өздөрүнүн дилинде өздөрүнүн чындыгы бардыр. Бирок кыргыз-тажик чек арасы боюнча өтө эле тигинтип, маселени курчутуштун эч кандай зарылчылыгы жок.
Биз бир нерсени эске алышыбыз керек. Жаңыдан улуттук мамлекеттик бөлүштүрүү болгондо, адегенде Тажикстан 1924-29-жылдар аралыгында Өзбек ССРинин курамындагы АССР болуп түзүлгөн. Анын чек арасы Өзбекстан менен чечилген. Ал эми Кыргызстан болсо, 1924-жылдан баштап, автономиялуу облус, автономиялуу республика болуп, 1936-жылга чейин РСФСРдин курамында болгонбуз. Демек, биздин маселенин бардыгы Орусия аркылуу чечилген.
Ошондуктан, мындай талаш туудурган, кээ бир күмөн санаткан аймактар мурда эле боло келген. Анан мамлекеттик чек ара мыйзам түрүндө жок мезгилдегини бүгүн көтөрүп чыгып, аны туу тутуп, “мына, ушундай болуш керек, бул биздин жерибиз эле, биздин ата-бабалардан калган жер болчу”,-деп чуу көтөрүштүн зарылчылыгы жок. Бүгүнкү күндө эки тарап бир келишимге кол коюп, макул болушу экөө тең бири бирине, орусча айтканда “уступкага” барышы – бул, чоң байлык. Үзөңгү-Кууш, Каркыра сыяктуу маселелер азыр унутулуп бара жатат. Анан азыркы маселелер да унутулат деп ойлойм. Жамандыкты жакшылык жеңет дегендей үмүт бар. Менин оюмча ошондой эле болот.
 
-Сиз айтайын деп, бирок мен сурабай калган дагы кандай ойлоруңуз бар? Эркин микрофон деп коелу, дагы эмне кошумчалай аласыз?
 
-Мен бир нерсени айта кетейинчи, туура түшүүгө аракет кылгыла. Тажик тарап, чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, адегенде 1924-25-27-жылдардагы карта менен иштешели деп сунуш кылышпадыбы. Алар абдан эле талап кылышты да. А биз тарап болсо, кечээки, 1990-жылдан кийин кабыл алынган документтерди сунуш кылдык. Тиги тажик туугандардын жанагы маселени койгондугу өзү туура эмес болчу. Себеби дегенде ал убакта, мен айтып кеткен нерсени кайталап койгонго туура келет, тарыхий жактан алганда ал убакта тажиктер дагы, кыргыздар дагы өзүнүн мамлекеттик чек арасын аныктап, ага ээ болуп, эгемен мамлекеттин аймагын аныктадык деп айта алышпайт эле. Себеби биздин тагдырыбыз, ачыгын айтканда, биз курамына кирген мамлекеттердин колунда эле.
Ошондуктан, мен ойлойм, азыр бардыгына түшүнүү менен мамиле кылышыбыз керек. Карап көрсөк, кечээ күнкү келишимге кол коюу жана эки тараптын ортосундагы болгон Бишкектеги салтанат, ачыгын айтканда, тарыхтын жаңы барагын ачты го деп ойлойм. Ушуга баарыбыз ынанышыбыз керек жана аны андан ары бекемдөөгө аракет кылышыбыз керек. Алдыдагы келечек, буйруса жакшы болот. Эки тарапка тең мен ийгилик каалайм, экинчи баягыдай түшүнбөстүктөр, эки элдин ортосундагы болгон нерсеге ыр-чыр болушун каалабайт элем жана анын эч кимге зарылчылыгы жок деп эсептейм.
 
-Рахмат маегиңизге.
 
Маектешкен: А.Белеков.
Материал: kg.eurasiatoday.ru сайтынан алынды

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз