Сотто Зулушев Сурабалдиеваны кескин билдирүүлөрдөн этият болууга чакырды
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 15-июнда «75 кишинин каты» боюнча кылмыш иши каралды.
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиевадан сурак алуу учурунда айыпталуучу — Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин мурдагы төрагасы Курманкул Зулушев ага катка тиешелүү бир катар суроо берди.
Сурабалдиева кайрылуу Жогорку Кеңешке 9-11-февраль күндөрү, ал төрага Нурланбек Тургунбек уулу баштаган ЖКнын делегациясы менен Түркияда жүргөн маалда келип түшкөнүн билдирип, кат комитетке ошол эле күнү жиберилген болушу мүмкүн деген пикирин айтты.
Зулушев документтер профилдик комитетке бир нече сааттын ичинде жиберилбей турганын айтып, депутатты коомчулукту адаштырбоого чакырды. Ал эгер жагдай белгисиз болсо, депутат муну түз эле айтышын талап кылды.
Андан кийин Зулушев Сурабалдиевага кайрылууну комитетке ким жибергени белгилүүбү деп сурады. Депутат муну анын жардамчысы жасаганын жооп берди. Ага Зулушев жардамчы документти жогорку кызматтагы адамдардан «Инфодокс» системасы аркылуу алганын белгилеп, катты ким жибергени белгилүүбү деп кызыкты. Сурабалдиева «жок» деп жооп берди.
Мындан кийин Зулушев аны дагы бир жолу толук маалыматы болбосо, кескин билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырды.
Ал ошондой эле буга чейин маегинде төңкөрүш даярдоо тууралуу айтканын эске салып, иш боюнча айыпталып жаткан адамдардын көрсөтмөлөрү анын айткандарынан айырмаланарын билдирди.
«Эгер билбесеңиз, айтпаганыңыз оң», - деди Зулушев.
Жооп иретинде Сурабалдиева ага лекция окуп жатасызбы деп сурады.
«Окуган жокмун. Калп айтпасын деп жатам», - деп жооп берди комитеттин башчысы.
Сурабалдиева кимдин кандай саясатчы экендигин эл баалай турганын айтты.
Оозеки кайым айтышуудан кийин судья Азирет Медеров тараптарга эскертүү берип, Зулушевди комментарий бербей, суроолору менен эле чектелүүгө чакырды.
Буга чейин Элвира Сурабалдиева Камчыбек Ташиев менен да кайым айтышкан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

