Cенсация: Норвегия Бразилияны утуп, 1/4 баскычына чыкты
АКШ, Канада жана Мексикада өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында 1/8 финалдык беттештер башталды.
Нью-Жерсидеги (АКШ) «Метлайф Стэдиум» стадионунда Норвегиянын курама командасы күтүлбөгөн жерден Бразилияны 2:1 эсебинде утуп алды.
Бул оюнда Эрлинг Холанд эки гол киргизип, бомбардирлер жарышында Лионел Месси жана Килиан Мбаппеге жетип алды. Үчөөндө тең 7ден гол бар.
Мессинин командасы 1/8 финалда Египеттин курама командасы менен ойнойт.
Бомбардирлер тизмеси:
7 гол — Лионел Месси (Аргентина), Килиан Мбаппе (Франция), Эрлинг Холанд (Норвегия)
6 гол — Харри Кейн (Англия)
4 гол — Усман Дембеле (Франция), Винисиус (Бразилия), Исмаила Сарр (Сенегал), Микел Оярсабал (Испания), Жуд Беллингем (Англия), Хулиан Киньонес (Мексика)
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

