Жаза аткаруу мекемеси "Эду" социалдык тармакка өзү билдирүү таратып жатат деген маалыматты төгүндөдү

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) камакка алынган Элдар Жакыпбеков социалдык тармактарда жеке өзү билдирүү жарыялап жатат деген маалыматты төгүндөдү.

Буга чейин интернетте УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбеков ЖАМКнын №21 мекемесинде отуруп, социалдык тармактарга билдирүү жарыялап жатканы тууралуу маалымат тараган.

«Тергөөдөгү маалымат боюнча, камакка алынган Э.Ж. камерада кармалууда, эч кандай артыкчылыктары жок, аны менен чогуу камерада 5 адам бар.

КР мыйзамдарынын талаптарына жана кылмыш-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартип эрежелерине ылайык, камактагы адамдар уюлдук байланыш каражаттары, интернет жана социалдык тармактар менен колдоно алышпайт. Уюлдук телефон шектүүлөргө, айыпталуучуларга жана соттолуучуларга өздөрүнүн жанында алып жүрүүгө, сактоого, сатып алууга уруксат берилген буюмдардын тизмесине кирбейт», - деп түшүндүрүштү ЖАМКдан.

Буга байланыштуу тергөө изоляторунда уюлдук телефон сактоого жана колдонууга жол берилбейт. Байланыш каражаты табылган учурда ал алынып, күнөөлүү адамдарга мыйзамда каралган жоопкерчилик чаралары көрүлөт.

«№21 мекеме штаттык режимде иштеп жатат, ал эми шектүүлөр жана айыпталуучулар КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык шарттарда кармалууда. ЖАМК мекемелеринин ишмердүүлүгү жогорку органдардын көзөмөлүндө жана прокурордук көзөмөлдө турат»,- деп кошумчалашты Жаза аткаруу кызматынан.

ЖАМК массалык маалымат каражаттарын, социалдык тармактардын колдонуучуларын жана коомчулукту расмий жана текшерилген маалыматка гана таянууга, ишенимсиз маалыматтарды жана текшерилбеген божомолдорду таратпоого чакырат.

Элдар Жакыпбеков кармалган камера.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз