Германиядагы компания 130 кыргызстандык менен эмгек келишимин токтотту

Кыргыз Республикасынын жарандарын Ferienjob программасы аркылуу Германия Федеративдүү Республикасына жөнөткөн «Немецкая академия» окуу борбору («Samara Academy») боюнча социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында талкуу жаралды. Айрым маалыматтарда жарандардын бир бөлүгү жумушсуз жана турак жайсыз калып, оор абалга туш болгону айтылган.

Эмгек министрлиги билдиргендей, Кыргыз Республикасынын элчилиги жана Кыргыз Республикасынын Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору маалыматты текшерип, жумушсуз калган жарандар, «Samara Academy» компаниясынын жетекчилиги жана иш берүүчү «Global Recruit Services GmbH» компаниясынын өкүлү Энди Вебер менен байланышты.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында, 20-июлда иш берүүчү буюртманын көлөмү олуттуу кыскаргандыгы тууралуу билдирүү алгандыктан, Кыргыз Республикасынын 130 жараны менен эмгек мамилелерин мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими кабыл алынганы аныкталды. Бул чечим кыргыз жарандарынын мыйзам бузуу аракеттерине байланыштуу эмес. Келишимге ылайык, жумуштун мөөнөтү 28ден 90 календардык күнгө чейин белгиленет. Ошол эле учурда иш берүүчү келишимдин мөөнөтүн бир тараптуу тартипте 28 календардык күнгө чейин кыскартууга укуктуу. Ушуга байланыштуу келишимдин шарттары бузулган эмес.

23-июлга карата 130 жарандын ичинен 50гө жакыны башка компанияларга жумушка орноштурулду. Калган жарандарды ишке орноштуруу иштери улантылууда», - деп айтылат расмий маалыматта.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз