NABU Кыргызстан: Жаратылыш сакчыларынын күжүрмөн эмгеги

 
Жаратылыш – адамзаттын эң кымбат мурасы. Аны сактоо бүгүнкү күндүн гана эмес, келечек муундардын алдындагы да чоң жоопкерчилик. Кыргызстанда бул багытта үзүрлүү иш алып барып жаткан NABU Кыргызстан уюму өлкөнүн жаратылышын, анын ичиндеги илбирсти коргоо, браконьерчиликке каршы күрөшүү, биологиялык ар түрдүүлүктү изилдөө жана элге экологиялык билим берүү иштерин системалуу жүргүзүп келүүдө. Жаратылышты сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан бул иштер экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга жана коомдун келечегине кызмат кылган маанилүү демилге экенин көрсөттү. Алдыда уюмдун акыркы айларда аткарган иштери тууралуу кенен маалыматтарды сунуштайбыз.
 
“Барс” тобу – браконьерлерге каршы
 
NABU Кыргызстан уюмунун «Барс» тобунун негизги жумушу – жаратылыштагы жапайы жаныбарларды, мунун ичинен илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн коргоого багытталган. Бул топтун кызматкерлери КР Экология министрлигинин аймактык башкармалыктары менен биргеликте өлкөнүн дээрлик бардык аймагында мыйзамсыз аңчылыкка каршы тынымсыз масштабдуу рейддерди өткөрүп келишет. Ошондок эле жергиликтүү эл арасында жаратылышка аяр мамиле кылууга үгүттөгөн түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.
 
Аталган топ апрель айында Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында ак илегилекти жыл сайын эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү иштерине катышып, аны менен катар аймакта мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейддик иш-чараларды өткөрүп, байкоолорду жүргүзүштү.
 
Ал эми май айында Чүй облусунун Ысык-Ата жана Кемин райондорунда өткөрүлгөн рейддердин жыйынтыгында мыйзамсыз балык уулоонун фактылары аныкталып, шектүү жарандарга административдик чара көрүлүп, айыппулдар салынды. Ошол эле учурда жергиликтүү тургундарга жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоо жана экологиялык жоопкерчиликти сезе билүү керектиги тууралуу кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
 
Мындан сырткары, июнь айында уюмдун Бишкектеги башкы кеңсесинде Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү жана Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата жаратылыш сакчыларынын катышуусунда тегерек стол өткөрдү. Ага КР Экология министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын өкүлдөрү, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана Аламүдүн районунун аңчылык боюнча адистери, егерлери, «Чоң-Кемин» жаратылыш паркынын, «Кара-Кужур» жана «Көл-Үкөк» ак илбирс коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү, ошондой эле Кочкор районундагы Сөөк жамаатынын өкүлдөрү катышты. Анын жүрүшүндө жаратылышты коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын натыйжалуу башкаруу жана браконьерчиликке каршы күрөшүү маселелери талкууланды.
 
Андан соң Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында өткөрүлгөн рейддерде мыйзамсыз балык уулоо жана аңчылык боюнча бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, тиешелүү айыппулдар салынды.
 
“Барс” тобунун мындай рейддери мыйзам бузууларды аныктоо менен гана чектелбестен, коомчулуктун жаратылышка болгон жоопкерчилигин жогорулатууга да чоң салым кошот. Жапайы жаныбарларды жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо, мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү жана экологиялык маданиятты өнүктүрүү – өлкөнүн жаратылыш байлыктарын келечек муундар үчүн сактап калуунун эң маанилүү шарттарынын бири болуп саналат.
 
“Барс-2” тобу – мыйзамсыз аңчылык менен күрөшөт
 
“Барс-2” тобу негизинен өлкөнүн түштүк аймактарында иш алып барат. Уюмдун түштүк бөлүмдөгү бул топтун кызматкерлери да мамлекеттик тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен биргеликте Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын бир катар райондорунда мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейддик иш-чараларды өткөрүштү. Рейддер Ош облусунун Кара-Суу, Араван, Ноокат райондорунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак, Токтогул, Тогуз-Торо райондорунда уюштурулуп, жергиликтүү тургундарга жаратылышты жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Көпчүлүк рейддерде мыйзам бузуулар катталган жок, бирок Ош шаарында мыйзамсыз кармалган бөдөнөлөр үчүн 10 миң сом, Ноокат районунда мыйзамсыз балык уулоо фактысы боюнча миң сом, дагы бир мыйзам бузуу фактысы үчүн 2 миң сом өлчөмүндө айыппулдар салынды.
 
Апрель айында кызматкерлер өткөн жылы орнотулган фотокапкандарды алып, алардагы маалыматтарды илимий изилдөө үчүн чогултушту. Ошондой эле түштүк аймактарында илек-илек куштарына кезектеги мониторинг жүргүзүлүп, алардын санын жана таралышын аныктоо иштери жүргүзүлдү.
 
Май айында Ош жана Жалал-Абад облустарындагы фотокапкандардан алынган материалдарды талдоо жүргүзүлүп, анда илбирс, сүлөөсүн, каман, куран-элик, эчки-теке, түлкү жана башка жапайы жаныбарлар катталганы аныкталды. Алынган маалыматтар жапайы жаныбарлардын таралышын жана жүрүү багыттарын изилдөөдө пайдаланылып, жаңы мониторинг иштерине негиз болду. Ошондой эле бул айда мыйзамсыз аңчылыкка каршы кошумча рейддер уюштурулуп, жергиликтүү тургундар арасында экологиялык түшүндүрүү иштери күчөтүлдү.
 
Июнь айында Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү белгиленип, мамлекеттик өнөктөш мекемелер менен биргеликте майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Мындан сырткары, фототузактарды орнотуу жана пайдалануу боюнча түштүк бөлүмдүн кызматкерлери үчүн практикалык окуулар уюштурулуп, биотүрдүүлүктү изилдөө иштерин өркүндөтүүгө багытталган жаңы пландар иштелип чыкты. Бул мезгилде фототузактар аркылуу дагы бир катар жапайы жаныбарлардын жаңы сүрөттөрү алынды.
 
“Мониторинг” бөлүмү – табият сырларын ачат
 
Уюмдун “Мониторинг” бөлүмүнүн кызматкерлери өлкөдө биологиялык ар түрдүүлүктү изилдөө, жапайы жаныбарларга жана канаттууларга мониторинг жүргүзүү, ошондой эле фототузактарды орнотуу жана алынган материалдарды талдоо боюнча комплекстүү талаа иштерин жүргүзүп келишет.
 
Бул бөлүмдүн акыркы үч айда аткарган иштеринин негизгилери болуп, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын аймагында илек-илекке (ак кунас) кеңири масштабдагы мониторинг жүргүзгөнүн айтса болот. Мындай экспедиция 2024-жылы да өткөрүлгөн. Ал эми быйылкы иш-чаранын жыйынтыгында бардык көрсөткүчтөр боюнча мурдагы эсепке салыштырмалуу оң өсүш байкалганы аныкталды. Айрыкча Кадамжай, Кызыл-Туу, Базар-Коргон жана Араван райондорунда уялардын саны көбөйүп, түрдүн туруктуу популяциясы сакталгандыгы жана уялоо аймактарынын кеңейгени белгиленди. 
 
Ал эми фототузактар боюнча өзүнчө кеп кылса болот. NABU Кыргызстан уюмунун өлкөнүн жаратылышына мониторинг жүргүзүү ишин өзгөчө белгилеп өтүү керек. Анткени буга чейин өлкөнүн бир канча аймагына фототузактарда орнотуп, андан жапайы жаныбарлардын сүрөттөрү менен видеолорун алышты. Ал фото-видео маалыматтар адистер тарабынан тыкыр анализденип, аймактагы жапайы жаныбарлардын таралышы, жүрүү багыттары жана саны боюнча маалыматтар такталып жатат.
 
Мисалы, өткөн жылы Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик жаратылыш парктарга, коруктарга, капчыгайларга, бийик тоолуу жайлоолорго орнотулган фототузактардан илбирс, аюу, сүлөөсүн, карышкыр, түлкү, эчки-теке, бугу-марал, куран-элик, каман, бүркүт, улар сыяктуу ж.б. ондогон жаныбарлардын, канаттуулардын түрлөрү түштү.
 
Фототузактарды орнотуу – жапайы жаныбарларга мониторинг жүргүзүү ишинин алкагында сейрек кездешүүчү жаныбарлардын, анын ичинде илбирстердин сүрөттөрүн да алып, алардын саны, таралышы жана жашоо чөйрөсү тууралуу илимий маалыматтарды топтоого мүмкүнчүлүк берет. Бул ыкма жаныбарларды үркүтпөй байкоо жүргүзүүгө, алардын кыймыл-аракетин изилдөөгө жана жаратылышты коргоо боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгууга жардам берет.
 
Ошентип, “Мониторинг” бөлүмү жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын таралышы, популяциясынын абалы жана жашоо чөйрөсү боюнча баалуу маалыматтарды топтоп келет. Чогултулган материалдар биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча илимий талдоолорду өткөрүүгө, аналитикалык отчетторду даярдоого жана өлкөнүн жаратылышына мониторинг жүргүзүү ишине өзөктүү негиз болуп берет.
 
“Экологиялык билим берүү” бөлүмү – келечекке салым
 
Уюмдун «Экологиялык билим берүү жана коомчулук менен байланыш» бөлүмүнүн адистери Кыргызстандын дээрлик бардык облустарында бала бакчалардагы тарбиялануучулардан тартып, мектеп окуучуларына, Жогорку окуу жайларынын студенттерине жана жергиликтүү тургундарга чейин экологиялык билим берүү иши менен алектенип келишет. Айрыкча билим берүү мекемелери жана өнөктөш уюмдар менен биргеликте экологиялык агартуу жана практикалык иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүшөт.
 
Акыркы айларда аткарган маанилүү иш-чаралардын бири катары «Ысык-Көл» биосфералык аймагында Эл аралык канаттуулар күнүнө карата уюштурулган окуу-практикалык программасы болду. Ысык-Көл мамлекеттик коругунун кызматкерлери менен биргеликте мектеп окуучулары үчүн теориялык жана практикалык сабактар өткөрүлдү. Катышуучулар канаттуулар дүйнөсү тууралуу маалымат алып, аларды коргоо жана изилдөө боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушту.
 
Ошондой эле Эл аралык Жер күнүнө карата Балыкчы шаарында экологиялык акция уюштурулуп, «Тоолордун сакчылары: NABU жана Кыргызстандагы илбирсти сактоо» аттуу көргөзмө өткөрүлдү. Аталган иш-чара жаштардын жана жергиликтүү тургундардын илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн сактоо боюнча экологиялык маалымдуулугун жогорулатууга багытталды.
 
Бөлүмдүн адистери Талас облусунда экологиялык экспедиция уюштуруп, анын алкагында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик органдары менен жолугушуулар өткөрүлдү. Студенттер үчүн экологиялык темада презентациялар уюштурулуп, жергиликтүү калк арасында жаратылышты коргоо жана илбирсти сактоо маселелери боюнча сурамжылоо жүргүзүлдү.
 
Булардан сырткары, маанилүү иш-чараларынын бири катары – «TerraLab “СУУЛУУ-ТЕРЕК”: студенттик изилдөөлөрдүн аймагы» аттуу экологиялык билим берүү долбоорун атаса болот. Ага Кыргызстандын алты жогорку окуу жайынын студенттери катышты. Кемин районундагы Суулуу-Терек капчыгайындагы талаа практикасында студенттер өз алдынча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп, экосистеманы изилдеп, экологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн практикалык тажрыйбасына ээ болушту.
 
Мындан тышкары, бөлүмдүн адистери ачык сабактарды, экологиялык акцияларды, форумдарды, маалыматтык-агартуу иш-чараларын жана башка демилгелерди өткөрүүгө активдүү катышты. Бул иштер балдар, жаштар жана жалпы эле коомчулук арасында экологиялык аң-сезимди калыптандырууга багытталды.
 
Реабилитациялык борбор – жаныбарлардын ден соолугунун сакчысы
 
Уюмдун Чүй облусунун Кемин районундагы Суулуу-Терек капчыгайында жайгашкан жаратылышта жабыркаган жапайы жаныбарларды калыбына келтирүүчү борбору өз милдеттерин так аткарып иштеп жатат. Тактап айтканда, аталган борборго жарадар болгон жаныбарлар алынып келип, калыбына келтирилип, жаратылыштагы өзүнүн жашоо чөйрөсүндө жашап кетүүгө мүмкүнчүлүгү жеткенде кайра кое берилет. Буга чейин реаборбордо дарылап, илбирс, оюу, сүлөсүн, чүткөр сыяктуу көптөгөн жаныбарларды жаратылышка кайра кое берилген болсо, апрель айында бир канаттууну да эркиндикке учурду.
 
Учурда аталган борбордун кызматкерлери кармалып турган илбирс, сүлөсүн, чаарчык, бүркүт сыяктуу жаныбарларды кароодон сырткары, жаан-чачындын кесепетинен бузулган ички жолдорго кум жана таш төшөп, оңдоо иштерин жүргүзүштү. Жаз алды менен жашылдандыруу максатында өрүк, алма, алча көчөттөрү жана роза гүлдөрү отургузушту. Ушуга окшош тынымсыз жасалчу жумуштарды борбордун кызматкерлери талбай аткарып келишет.
 
Ал эми уюмдун ветеринардык кызматы реабилитациялык борбордогу жаныбарлардын ден соолугуна тыкыр көз салып, зарыл болгон учурда тиешелүү дарылоо жана алдын алуу иштерин жүргүзүп келет. Быйыл борбордогу бардык жаныбарлардын абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө, алардын абалын баалоо жана ветеринардык жардам көрсөтүү багытында иштер күчөтүлдү. Ар бир жаныбарга өзгөчө көңүл бурулуп, алардын жашоо шарттары, тамактануусу жана жалпы абалы адистер тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылып, реабилитациялык борборго алын келинген жаныбарлардын ден соолугун сактоо жана аларга сапаттуу кам көрүү боюнча чаралар күчөтүлө берет.
 
Реаборбор жана ветеринардык кызматтын аткарган жумушу тууралуу кийинки жолу кенен окуй аласыздар.
 
Даярдаган: А.Каракозуев

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз