Чек араң бек болсо, уйкуң тынч болот! Окурман ой бөлүшөт

 
Бул мисалды акылман ата-бабаларыбыз тээ илгертеден айтып келишкен. Чек ара деген түшунүк өлкөбүздүн коопсуздугу гана эмес, эгемендиги, кол тийбестиги экендигинин далили. Дүйнөдө чек ара үчүн кырчылдашкан кармаштар жүрүп, колдон колго өткөн аймактар далай тагдырларды өзгөртүп жүрүп олтурду, адамзаттын узун тарыхында. Ал кармаштардын басымдуу бөлүгү – жер жана суу ресурстары үчүн болуп келди. Суусу жок аймактар суусу мол, кен байлыктары көп аймактарга тынымсыз согуш ачып турушкан.
 
Жогорудагы мисалдар дал бүгүнкү 21-кылымдын ортосуна чейинки мезгилге чейин уланып келүүдө. Анын үстүнө климаттын кескин өзгөрүшү суу тартыштыгы адамзаттын планетада улам саны көбөйүп жатканы дагы жашоо үчүн болгон күрөштү курчутуп отурат. Биздин эле Борбордук Азияда аяк-биягы 100 млн.го жакын калк отурукташкан. Өлкөлөрдүн арасынан эң чаканы Кыргызстан болуп саналат. Жаратылыш ресурстарынын ичинен тегиз жери аз 95 пайызын тоо-таштар ээлеп турат. Мындай шартта, суу башы болгонубуз менен тегиз жерибиздин аздыгы бизди көп кыйынчылыктарга туш кылууда.
 
Өлкөнүн эң түштүгүндө жайгашкан Баткен чөлкөмү географиялык жактан өзгөчө регион. Суунун запасы өтө чектелген, айыл чарбасына ыңгайлуу жердин көбү тоо-таштын арасына кысылып жайгашкан. Мына ошондуктан, ал региондун чек арасы дагы өтө татаал. Союз ыдырагандан тартып күчөгөн ички жана сырткы миграция чек араларды өтө чиелентип таштаган. Чек арада жайгашкан айылдардын эли базары жакын, жашоого ыңгайлуу жактарга көчүп кетишип, ордуна коңшу тажикстандыктар көчүп келип, сатып ала башташкан. Бул процесс жүрүп олтуруп, чек араларды шахматтык абалга алып келип койгон. Мына ошентип олтуруп, 30 жылдын ичинде Баткен чек арасында бүгүнкү татаал абал келип чыкты.
 
Буга чейин башкарып келген өлкө башчылары өздөрү олтурган креслосун гана бекемдеп, чек ара менен деле иши болбой келген. Бүгүнкү бийлик башындагылар мамлекеттик чек араны биротоло чечмейинче, чек ара жаңжалы ырбай бере турганын билип, акыркы эки жылдан бери бул маселени бир жаңсыл чечкенге өзгөчө көңүл бурушту. Бул эки жыл аралыгында чек ара чийинин аныктоо талаштуу аймактарды чечүү жана зарылчылыкка ылайык аймактарды алмашуу жолуна да барышты. Өлкө президенти Садыр Жапаров менен УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев мырзалардын албан аракеттеринин аркасында Баткен чөлкөмүндөгү чек ара көйгөйү оң жагына чечилип олтурат.
 
30 жылдан ашык убакыттан бери чиеленишип биротоло тамырына тамыры оролошуп калган чек ара көйгөйлөрүн тактоо жана сактоо дагы өтө кыйынга турду. Эки өлкөнүн аймагында чек араны тактоо боюнча түзүлгөн комиссиялардын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү, отурумдары байма-бай өткөрулүп келди жана алар баш көтөрбөй иштеп турушту. Акылман элибиз: “ач кулактан тынч кулак”, - дегендей тынччылыкты токчулуктан өйдө коюп: “ачка отурсаң да, тынч отурганга жетпейт”, - деген маанини айтып келген.
 
Мына эми акыры орток мунаса табылып, чек ара бир жаңсыл чечилип отурат. Кылымдардан бери коңшу жашап келаткан эки элдин бири-бирине келиши жөнгө салынганы чоң жеңиш болду. Эми жылда жаз келгенде башталчу “кетмен согушу”, “таш согушу” деген жаңжалдар кудай буйруса биротоло токтоду. Убактылуу жабылган чек аралар ачылып, эки эл бири-бирине кучак жайып, бир туугандарча жүздөштү. Тажик Республикасынын президенти Эмомали Рахмон мырза борборубуз Бишкекке официалдуу визит менен келди. Анын учагы Манас Эл аралык аба майданында шаан-шөкөт менен тосулуп алынды.
 
Эки өлкөнүн президенттери мындан ары жакшы коңшулук алакаларды бекемдөөгө негиз болуучу маанилүү бир топ келишимдерге кол коюшту. Ошентип кудай буйруса мындан ары жергебизде, чек араларыбызда тынчтык өкүм сүрүп, ал жерлерде турмуш кечирген эки элдин өкүлдөрү бир туугандарча камыр-жумур катташып, түбөлүк достук алакасын жаңы нукта бекемдей берет деген илгери үмүттөбүз. Ылайым ошондой болсун!
 
Бүажар Калматова,
Ардагер журналист

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз