Иран бүтүндөй Перс булуңуна мина коерун эскертти
Иран АКШ Перс булуңунун жээгинде же ирандык аралдарда кургактагы аскердик операция жүргүзүүгө аракет кылса, булуңдагы бардык деңиз жолдорун мина менен тосо турганын билдирди. Бул тууралуу өлкөнүн коргонуу кеңеши маалымдаганын Fars News Agency кабарлады.
Билдирүүдө мындай деп айтылат: «Душмандын Ирандын жээктерине же аралдарына кол салуу аракети Перс булуңундагы жана жээк бойлой жайгашкан бардык деңиз жолдорунун жана байланыш линияларынын ар кандай деңиз миналары менен, анын ичинде жээктен коюлушу мүмкүн болгон калкып жүрүүчү миналар менен тосулушуна алып келет».
Ошондой эле кеңеш Иранга душман катары эсептелбеген өлкөлөр Тегеран менен макулдашуу аркылуу Ормуз кысыгынан өтө ала турганын белгиледи.
АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга Ормуз кысыгын ачуу үчүн 48 саат убакыт берип, болбосо энергетикалык инфраструктурасына сокку уруларын эскерткен. Тегеран бул ультиматумду четке кагып, аймактагы АКШ объекттерине сокку урууга даяр экенин билдирген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


