Ички иштер министри коомдук жайда тамеки чеккени үчүн айыпка жыгылды
Ички иштер органдары ички иштер министри Улан Ниязбековду коомдук жайда тамеки чеккени үчүн административдик жоопкерчиликке тартты.
ИИМдин маалыматына ылайык, буга социалдык тармактарда коомдук жайда тамеки чегип жаткан учур тартылган видео тараганы себеп болгон.
Бул факт боюнча милиция кызматкерлери протокол түзүшкөн. 3000 сом өлчөмүндөгү айып пул толугу менен төлөндү.
«Ички иштер органдары мыйзам талаптарын жана бардык жарандардын мыйзам алдында теңдиги принциптерин ырааттуу түрдө камсыз кылат», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.
Буга чейин социалдык тармактарда министр Бишкектеги Эски аянтта айт намаз учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо алкагында жүрүп, коомдук жайда тамеки чеккени көрүнгөн видео тараган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


