«Бийиктикке карай» тасмасын көрүп чыккандан кийинки ойлор

Сүрөт: Санжар Эралиев

Блог

Эра Ашировдун «Бийиктикке карай» даректүү тасмасы — бул Илим Карыпбековдун Эверестке чыгуу саякатынын хроникасы гана эмес, бул жеке чакырык, коркууну жеңүү жана ийгиликтин чыныгы баасын түшүнүү тууралуу фильм болуптур.


Тасманын узактыгы 1 саат 43 мүнөт, бул жанр үчүн стандарттуу хронометраж, бирок заманбап көрүүчүнүн кабыл алуусу үчүн узун. Менин оюмча, балким фильмди эпизоддорго бөлүү тасманы көрүүчүлөр үчүн дагы да жеткиликтүү кылмак. Мен аны үч күндө толук көрүп бүттүм.


Илим Карыпбеков Кыргызстанда коомдук ишмер катары, КТРКнын мурдагы башчысы жана активдүү блогер катары таанымал. Мен аны коомдогу айрым табу социалдык темаларды кээде көтөрүп чыкканын жана буга өз пикирин айтып турган ишмердигин баалайм. Бул кишинин дарегине айтылып жүргөн айрым талаштуу пикирлердин да кайсы бирине макулмун. Бирок “Бийиктикке карай” тасмасы Илим мырзаны башка жактан да көрсөтөт — бийиктикке болгон кыял менен күйгөн, табиятка гана эмес, өзүнө да чакырык таштаган альпинист катары.


Кадрлар көрүүчүнү Эвересттин табышмактуу дүйнөсүнө алып кирет: кар\муз каптаган чоку, шамал, кооптуу маршруттар. Операторлук иш мыкты, көрүүчү дээрлик тоонун муздак абасын жана жолдун оордугун сезет. Тандалган музыкалар тасманын драматизмин жакшы толуктайт.


Тасманын негизги эмоционалдык линиясы — Карыпбековдун жеке тажрыйбасы. Анын бала кездеги кыялдары, өзүн издөө, чочулоо жана үмүт тасмага бир адамдын жеке баяны сыяктуу да таасир берет. Ошол эле учурда фильмде башкы каармандын дарегине улам-улам кайталап айтылган мактоолор жалпы мааниден четтеп, пафосго да жетелегендей түр калтырат.


Тасма жөн гана чокуга чыгуу жолунун техникалык аспектилерин эмес, альпинисттердин психологиялык жана физикалык кыйынчылыктарын да ачык көрсөтөт. Паникалык чабуулдар, шек саноолор, ийгиликсиздиктен бушайманга түшүү — Карыпбеков өз сезимдерин чынчылдык менен бөлүшөт.


Айрыкча биринчи жолку аракети ийгиликсиз болгону тууралуу эпизод күчтүү таасир калтырат, ал ден соолугу менен байланышкан көйгөйлөрдөн улам жолду токтотууга мажбур болгон. Бул учур эмоционалдык чыңалууларга толгон жана кыял менен чындык, максат менен өзүн курмандыкка чалуу ортосундагы чектешүү тууралуу ойлондуртат.


Баса, тасма экспедициянын финансылык жагын такыр козгобойт. Эверестке чыгуу физикалык жана моралдык сыноо гана эмес, олуттуу финансылык чыгым да. Канча каражат жумшалды? Негизги чыгым эмнеге кетти? Өзүн ачык көрсөтүүнү көздөгөн документалдык тасма үчүн бул маалыматтарды берүү пайдалуу болмок.


Тасманын маанилүү жактарынын бири — анын дүйнө таанымга кошкон салымы. Карыпбеков Гималайлардагы жергиликтүү элдин жашоосун, альпинизмдин маданиятын, чыгууга даярданууну баяндап берет. Бул эпизоддор видеобаянга тереңдик кошкон.


Ошол эле учурда тасмада эки багыттын ортосундагы теңсалмактуулук маселеси да байкалат. Бул фильм Карыпбеков жөнүндөбү же Эверестке чыгуудагы сыноолор жөнүндөбү? Автор Эверестке чыгуудагы сыноолорду Карыпбековдун мисалында көрсөтүп бергиси келгендир. Балким, көрөрманга Илим мырзанын көкбеттигин ачып бергиси келгенби? 


«Бийиктикке карай» — көркөм жана эмоционалдык жактан күчтүү документалдык тасма. Ал Карыпбековду жаңы жактан ачып, аны медиа-инсан катары гана эмес, өз кыялын ишке ашырууга умтулган адам катары көрсөтөт. Мурда дал ушундай кыргызча фильм бар беле же бул алгачкы тасмабы? Эгер алгачкысы болсо, алкыш! 


Альпинизм, мотивация жана адамдын мүмкүнчүлүктөрү боюнча кызыккандар үчүн бул тасма шыктануунун жана ойлонуу үчүн азыктын булагы боло алат. Мүмкүн, көрүп чыккандан кийин ар бир адам өзүнүн «Эверести» — ошол бийиктиктин кандай болорун ойлонуп көрөт.

***

Илим Карыпбеков менен кээде гана жумушка байланыштуу вотсап\телеграмдан байланышып калбасам, жашоодо көзмө-көз жолугуп, сүйлөшкөн эмесмин.

Автор: Санжар Эралиев

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз