Журналист Махабат Тажибек кызы үй камагына чыгарылды

3-мартта Ленин райондук сотунда «Айт Айт Десе» басылмасынын журналисти Махабат Тажибек кызына карата козголгон кылмыш иши боюнча алдын ала сот отуруму өттү. Бул тууралуу «Сводка АКИpress» редакциясына Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Анын жолдошу Болот Темировдун айтымында, Тажибек кызы эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулду.

Анын жактоочусу Акынбек Ногоев: «Кардарымдын бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Азыр биз Степное айылына [ал жерде аялдар абагы жайгашкан] барып, кайра сотко келебиз, ошондо Тажибек кызы көрсөтмө бере алат», — деди.

Эске салсак, Ленин райондук соту 2024-жылдын 10-октябрында 11 журналистке карата өкүм чыгарган.

Анда Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы КР Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү жана 278-беренесинин 3-бөлүгү («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошондой эле жарандарга карата зомбулукка чакырыктар») боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал 6 жылга эркинен ажыратылган.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку соту 10-мартта бул ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого Ленин райондук сотуна жөнөтүп, мурдагы эки инстанциянын чечимдерин жокко чыгарган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз