Акысыз концерт: "Бишкек Аренанын" ачылышы шоу-концерт менен коштолот
«Бишкек Аренанын» расмий ачылышы 5-октябрда болот жана стадиондо чоң шоу-концерт өтөт. Бул тууралуу 20-сентябрда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын маалыматы боюнча, иш-чара болжол менен 60 миң көрүүчүгө эсептелген. Кирүү акысыз болот, бирок баруу үчүн билет алуу зарыл.
Биринчи этапта 10 миң билет берүү пландалууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

