Ошто УКМК адвокатты кармады
5-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат кызматынан билдиришкендей, пара алуу жана опузалоо боюнча шектелген адам кармалды.
Маалыматка караганда, УКМКга жарандардын бири арыз менен кайрылып, адвокат С.Н.С.га чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, ал алдамчылыкка айыпталып, Ош шаардык сотунда каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгат деп адвокат убада берген. Ал сотто тааныштары бар экенин айтып, жардам берүүгө сөз берип, 350 миң сом талап кылган. Бул акча үчүн ал аялга "жаза мөөнөтүн кечиктирип берүү же пробация берүүгө көмөктөшөм" деп ишендирген. Аялдын жашы жете элек баласы бар экени да белгиленет.
3-ноябрда шектүү Ош шаардык сотунун имаратында акча алып жаткан учурда колго түшкөн. Тинтүү маалында ал акчаны өз ыктыяры менен тапшырган.
Учурда адвокат УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




