"43 млн зыян келтирген": Жалал-Абадда дүкөндү өрттөөгө шектелгендер кармалды

Ала-Бука районундагы дүкөндү өрттөөнү уюштурган, Жалал-Абад облусундагы уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Мындай маалыматты УКМКнын баса сөз ызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, УКМК жана Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында, 2011-жылдан бери КР ИИМдин каттосунда турган, мурда Ала-Бука районунун «положенци» статусун ээлеп келген жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, Ала-Бука районунун А.А.Н. аттуу тургуну ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө кармалды.
 
«Такталгандай, аталган А.А.Н. 2025-жылдын 11-январынан тартып Россия Федерациясынын аймагында болуп, шериктери аркылуу Ала-Бука районунун Өрүктү айылында жайгашкан «Мурас» жана «Мурас 2» азык-түлүк жана курулуш дүкөндөрүн өрттөтүп жиберген. Кылмышты жасоого себеп бул А.А.Н. жана дүкөндөрдүн ээси Б.З.Т. жеке кастык мамилелери негиз болуп, өч алуу максаты болгон. Окуянын кесепетинен келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү болжол менен 43 миллион сомду түзгөн»,- деп айтылат маалыматта.
 
Буга чейин бул фактыга байланыштуу бул өрттү уюштурган Ош облусунун тургундары жана «З.А.Т.», «К.А.Т.», «Н.у.У.» аттуу жарандары жана ошондой эле  уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары КР ИИМдин каттоосунда турган жана ортомчунун ролун аткарып жүргөн,  Ала-Бука районунун жашоочусу А.Н.З. кармалган.
 
Азыркы учурда кармалган адамдар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз